Адистер чочко тумоосунан коргонуунун жолун айтып беришти

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБетин маска менен жапкан киши. Архив
Бетин маска менен жапкан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декабрдан тарта Кыргызстанда чочко тумоосу күч алды. Ушу кезге чейин дарыгерлерге 90 бейтап кайрылган.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери чочко тумоосун (A H1N1 вирусу) кантип аныктап, алдын алуу керектигин айтып беришти.

Кыргызстанда декабрдан баштап чочко тумоосун жуктуруп алган учурлар каттала баштаган. Ал эми Казакстан менен Россияда чочко тумоосунан жарандардын каза болгон учурлары кездешүүдө.

Оорукананын катто жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРде чочко тумоосуна 90го чукул адам чалдыкса, алардын арбыны — балдар
Жергиликтүү дарыгерлер кырдаал медиктердин көзөмөлүндө экенин айтып, илдеттин өрчүшү сезондук көрүнүш экенин белгилешти. Акыркы маалыматтар боюнча учурда чочко тумоосуна кабылган 90дон ашуун бейтап катталган.

Адистердин айтымында, аталган вирус оорулуудан ден соолугу чың адамга аба аркылуу (жөтөлгөндө же чүчкүргөндө) жукканы менен өзгөчөлөнүп турат. 

Илдет дем алуу жолдорун жабыркатат. Экинчи же үчүнчү күнү пневмония дарты өрчүп кетиши мүмкүн. Бул илдетке негизинен кичинекей балдар, кош бойлуу келиндер, кары-картаңдар, жүрөк оорулуулар, астма, диабет менен жабыркагандар дуушар болот.

Дарыгерлер H1N1 сасык тумоосунун белгилери кадимки ооруга окшош экенин белгилешүүдө. Мында дене табы көтөрүлүп, баш ооруйт, мурду токтобой, дене-бой ооруксунуп, тамактын оорусу байкалат.

Чочко тумоосун жуктуруп албоо үчүн адистер адамдар көп чогулган жерден оолак болуп, бет кап тагынып, жеке гигиенаны сактоону сунуш кылат. Ал эми илдетке кабылгандар бүбү-бакшы боло бербей дарыгерлерге кайрылуусу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0