Башкы консул жана РФтин облустук Тергөө кызматынын жетекчиси Айганышты табууну талкуулады

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЕкатеринбург шаары. Архив
Екатеринбург шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөшүү учурунда Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Задорин бул иш аталган органдын көзөмөлүндө тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулу Төлөнбай Кожобаев РФтин Тергөө комитетинин Свердлов облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси менен Айганыш Канат кызын табуу боюнча маселесин талкуулады. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Задорин менен жолугууда бул иш аталган органдын көзөмөлүндө тургандыгын билдирди.

"Учурда издөө иштерин полиция менен катар эле ыктыярчылардан турган "Сокол" отряды кошо жүрүгүзүп жатат", — деди ал.

Буга чейин башкы консул Sputnik маалымат агенттигине издөө иштерине   аталган аймактагы кыргыздардын коомдук уюмдарынан да балдар катышып жаткандыгын билдирген.

Екатеринбург шаарында жоголуп кеткен 13 жаштагы Айганыш Канат кызы полиция жана ыктыярдуу издөө топторунун аракетине карабастан 25 күндөн бери табыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0