"Тазалыктын" кызматкерлери жарандардын чакыруусу менен тазалоо иштерине чыгып турат

Жазылуу
Борбордо 28-январдан 29-январга караган түнү "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери түнү менен жол тазалашты.

БИШКЕК, 29-янв. – Sputnik. Бишкекте 29-январга караган түнү жолдордун тайгалак болуусун алдын алуу үчүн 43 тонна кум себилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Шаар көчөлөрүндө 18 кум себүүчү техника, төрт трактор, 542 көчө шыпыргыч жана 30 жол эксплуатациялык башкармалыгынын кызматкерлери иштеген. 

Жолдорго жалпы үч тонна туз себилди. 

Күн ичинде "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жарандардын чакыруусу менен тазалоо иштерине чыгып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0