Бишкектин музыка жана сүрөт мугалимдери билимин жогорулатты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМузыкантчы. Архив
Музыкантчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар мугалимдери үчүн сабак өтүүнүн жаңы ыкмалары сунушталып, мастер-класстар өткөрүлдү.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Орто мектептерде музыка, сүрөттөн сабак берген мугалимдери менен кол өнөрчүлүк ийримдеринин жетекчилери квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөнүн мэрия билдирди.

Бишкекте музыка мугалимдери интерактивдүү такта менен таанышты
Маалыматка ылайык, курстар Билим берүү башкармалыгынын ЖОЖдор менен кызматташуусунун алкагында Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетте өттү.

Анда мугалимдер үчүн теоретикалык жана практикалык сабактар өтүлүп, компьютердик графика, кол өнөрчүлүк, хор жамааты менен иштөө, музыка жана сүрөт сабагын окутуу жаатында инновациялык ыкмаларды колдонуу боюнча мастер-класстар сунушталды.

Курстун аякташы менен 38 шаардык мугалим атайын сертификатка ээ болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0