Кредит кесепети: унутулган мектеп, Россияда жоголгон 13 жашар Айганыш

© Генеральное консульство КР в ЕкатеринбургеРоссиянын Екатеринбург шаарында иштеп жүрүп, дүкөнгө чыгып, жоголуп кеткен 13 жаштагы Айганыш Канат кызы.
Россиянын Екатеринбург шаарында иштеп жүрүп, дүкөнгө чыгып, жоголуп кеткен 13 жаштагы Айганыш Канат кызы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда иштеген айылдашынын эки баласын баккан 13 жашар Айганыштын милдети энесинин алган кредитин жабуу болгон.

Алган кредитинен кутула албай калган 36 жаштагы төрт баланын энеси 13 жашар кызын окуудан ажыратып Россияга бала баккыч кылып жөнөткөн. Бул туурасында Анара Молдобазарова Sputnik Кыргызстан маалымат сайтына айтып берди.

Учурда Россиянын Екатеринбург шаарында иштеп жүрүп, дүкөнгө чыгып, жоголуп кеткен 13 жаштагы Айганыш Канат кызы полиция жана ыктыярдуу издөө топторунун аракетине карабастан 24 күндөн бери табыла элек.

Айганыш Өзгөндүн Мырза-Аке айылындагы туулган, үч бир тууганы бар, атасы учурда түрмөдө. 

Көз жаш, жокчулук. Энеси Екатеринбургда жоголгон кичинекей кызы жөнүндө айтып берди
Энесинин айтымында, 6-класстагы кызын акча табуу үчүн Екатеринбург шаарына бала баккыч кылып жиберүүгө аны 20 миң сомдук кредит түрткөн. Ал насыяны балдарына тамак-аш, кийим-кече алууга жана карыздарынан кутулуу үчүн алгандыгын айтып берди. 

Мындан эки жыл мурда Айганыш жокчулуктун айынан мектепке барбай бир нече ай үйдө отуруп калып, энеси кредит алгандан соң сабакка жибере баштаган. Каражаттан каржалып турган аялга Екатеринбург шаарында жашап-иштеп жаткан айылдаштарынан кызын бала баккыч кылып жиберүү, ал үчүн айына каражат төлөп берүү сунушу түшкөн. 

"Айына акча төлөп турарын айтышты. Башка айлам жок эле, аргасыздан жөнөттүм. Үйдө үч балам бар, багып, ичинтип-кийинтишим керек. Антпесем, жашоо токтоп калчудай. Күйөөм камалып кеткен", — деди Молдоабазарова. 

20 миң сомдук кредит. Өспүрүм кыз иштеп тапкан 30 миң сом 

Россиядан жоголгон улан Кыргызстандан табылды
Энеси кызынан келген каражат менен кийинки сиңдисин мектепке окутуп, бөбөктөрүнүн курсагын тойгузуп тургандыгын айтты. 

Аял кредиттен кутултуу максатында жиберген 13 жашар кыздын эмгеги үчүн эки жыл ичинде болжол менен 20-30 миң рублдин тегерегинде акча алгандыгын билдирди.

Анын айтуусунда, алгач, кыздын эмгеги 5000 рубль деп бааланган, сумма акырындап азая баштаган.

"Башында 5000 миң рубль төлөйбүз деп алып кеткен, кийин 3000 рубль деди, күйөөм ооруп калды деп кээде 2000ден жиберип жатты. Кредитти жаап алайын деген ой менен ага деле макул болдум", — деп айтып берди Молдобазарова. 

Кыздын үй-бүлөсү ал кредиттен кутулуп, энеси кийин эки башка компаниядан 60 миң сом тегерегинде дагы насыя алган. Учурда анын мойнунда эки кредиттин акчасы турат, айына 5100 сомдон төлөп турушу керек. Бирок, эми кызы да жок, карызын төлөй турган каражаты да жок отурат.

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Гүлүм Термечикованын айтымында, бул үй-бүлө айылдагы эң жакыр дегендердин тизмесине киргендиктен жөлөк пул чегерилген.

"Молдобазарова буга чейин төрт баласына 2820 сом жөлөк пул алып турган. Жыл соңуна чыкккандыгына байланыштуу анын мөөнөтү бүттү. Жаңы жылдан тарта алуу үчүн кайрадан документ даярдашы керек", — деди Термечикова. 

Екатеринбургда издөө иштери уланууда…

Ал эми учурда Айганышты Екатеринбург шаарында полиция менен кошо жергиликтүү ыктыряылар жана кыргызстандык мекендештери кошо издеп жатат. Тилекке каршы, азыр жыйынтык жок, кыз алигиче табыла элек. Бул туурасында КРдин Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Төлөнбай Кожобаев билдирди.

Баш консул балдарды акча табуу үчүн бөтөн жерге жиберүү акылга сыйбаган көрүнүш деп эсептейт. Өспүрүм кыздын чоочун жерде баш паанеги жок калган окуя Айганыш жоголгондон кийин да болгон.

"Жакында дагы 15 жашар кызды алып келишти. Каражаты, документи, жашаган жери жок. Башкы консулдукта эки күн болду. Акча топтоп, Кыргызстандагы таенесин таап салып жибердик. Айтаарым, жаш балдарды белгисиз жакка, тобокелдикке салып жөнөткөн таптакыр туура эмес. Ата-энелерде жоопкерчилик деген болушу керек да", — деди нааразы болгон Кожобаев. 

Ичип отуруп баласын жоготуп алган энеси окуя кандай болгонун айтып берди
Азырынча Айганыштын тагдыры белгисиз. Ал эми көз жашын көлдөткөн таенеси Зууракан Алайчиева небересинин дайын-дарегин билгендер болсо, кабарлап коюусун өтүнүп, коомчулукка кайрылды.

Коркунучту, бул дүйнөнүн таш боорлугун толук аңдап сезе биле элек беш жаштардагы сиңдиси Малика "Айганыш апче келиңизчи, сизди сагындык", — деп бышактайт. 

Батирде үч баласы менен баш калкалаган Анара мешке көң калап, оттуу ойлуу чукуп, эмне кылаарын билбей калганын айтат…

Жаңылыктар түрмөгү
0