Бишкекте жогорку ылдамдыктагы автобустар жүрө баштайт

© Sputnik / Евгений Самарин / Медиабанкка өтүүАвтобустар. Архив
Автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар мэриясы алдына түштүктөн түндүктү көздөй экспресс-каттамдарды киргизүү милдетин койду. Жыйында эскилиги жеткен жарыктандыруу системасынын көйгөйү да айтылды.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жүргүнчү ташыган жогорку ылдамдыктагы каттамдарды киргизүү — быйылкы жылдын маанилүү маселелеринин бири экенин мэриянын коллегиясында Кубанычбек Кулматов билдирди.

Анын айтымында, быйыл борбор калаага 50 троллейбус келет.

"2016-жылга коюлган милдеттердин бири болуп Бишкектин түштүгүнөн түндүгүнө чейинки жогорку ылдамдыктагы автобустарды ишке киргизүү саналат", — деди мэр.

Шаар башчысы буга даярдык көрүлүш керектигин белгиледи. Анын айтымында, жарыктандыруу системасы дагы бир көйгөй болуп эсептелет.

"Күн сайын электриктер келип кол менен электр өчүргүчтөрүн күйгүзүп жатышы — баарыбыз үчүн уят. Бул XXI кылымда жасала турган иш эмес!", — деди Кулматов.

Учурда борбор калаада диоддук лампаларды коюу иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0