Акыйкатчы: чет жакта 3 миң кыргызстандык жаран жаза өтөп жатат

Жазылуу
Жолугушууда башкы прокурор чет жакта киши өлтүрүп, балдарга карата зордук-зомбулук жасап, баңгизат менен кармалып соттолгон жарандарды экстрадициялоого терс мамиледе экенин белгиледи.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бийлик структураларынын мыйзамсыз аракетине каршы Акыйкатчы институту менен Башкы прокуратура чогуу күрөшмөй болду. Бул тууралуу эки мекеменин жетекчилери Кубат Оторбаев менен Индира Жолдубаеванын жолугушуусунда айтылды.

Иш-чарада Оторбаев былтыр Акыйкатчы институтуна прокуратура кызматкерлеринин үстүнөн даттанып 170 жаран кайрылганын белгиледи. Мындан тышкары, акыйкатчы айрым айыпталуучулар жылдап соттун өкүмүн күтүп камакта жаткан учурлар көп экенин эскертти. 

"Учурда үч миң кыргызстандык жаран чет жакта жаза өтөп жатат. Башкы прокуратурага кайрылган 237 жарандын 45инин иши гана Башкы прокуратура тарабынан оң жагына чечилип берген", — деди Оторбаев.

Жолдубаева прокуратура органдары бардык кайрылууларга жооп кыларын, чет жакта киши өлтүрүп, балдарга карата зордук-зомбулук жасап, баңгизат менен кармалып соттолгон жарандарды экстрадициялоого терс көз карашта экенин белгиледи.

Натыйжада Жолдубаева менен Оторбаев адам укугун коргоо жана көзөмөлдөө жаатында кызматташуу боюнча макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0