Акыйкатчы УКМКнын тергөө абактарын текшермей болду

Жазылуу
Оторбаевдин айтымында, мындай текшерүүлөр эки жылда бери болгон эмес. Жолугушуу соңунда жетекчилер адам укугун коргоо жаатында кызматташуу боюнча макулдашууга келишти.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Акыйкатчы Кубат Оторбаев УКМКнын тергөө абагында кармалган жарандардын укугун коргоо максатында текшерүү иштерин жанданта турган болду. Бул тууралуу ал УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Түрмөгө алынган жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соттун өкүмүнө макул болбогон айыпкер түрмөдөн оозун тигип салды
Оторбаевдин айтымында, аталган абакта текшерүү эки жылдан бери жүргүзүлгөн эмес. Мындан тышкары, Акыйкатчы институту аскер кызматкерлеринин укугунун корголушуна да тыкыр көз салмай болду. 

Сегизбаев акыйкатчынын сунуштарын колдоп, институттун аракеттерине эч кандай тоскоолдуктар болбой турганын, тергөө абактарынын шарты бүгүнкү күндүн талабына толугу менен жооп бере турганын белгиледи.

Жолугушуу соңунда эки мекеменин жетекчилери адам укугун коргоо жаатында кызматташуу боюнча макулдашууга келишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0