Нарындыктар бир нече талап менен митингге чыкты

© Кумондор УсуповНарын облусунун жашоочулары өкмөткө бир нече талаптарды коюп, шаардын борборунда нааразычылыкка чыкты.
Нарын облусунун жашоочулары өкмөткө бир нече талаптарды коюп, шаардын борборунда нааразычылыкка чыкты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нааразычылыкка чыккандардын негизги талаптары — тоолуу аймактардын жашоочуларына каралган жеңилдиктерди алып салбоо. Көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан бул мыйзам долбоорун өкмөт кечээ чакыртып алган.

БИШКЕК, 27-янв — Sputnik. Нарын облусунун жашоочулары өкмөткө бир нече талаптарды коюп, шаардын борборунда нааразычылыкка чыкты. Бул туурасында жергиликтүү тургун Бактыгул Исаев кабарлады.

Буга чейин облустун тургундары тоолуу аймактарынын жашоочуларынын айлык акысына кошуп төлөнүп келген каражаттын 50 пайызын алып салуу боюнча мыйзам долбооруна макул эместигин билдирип, нааразычылыкка чыгаарын айтышкан.

Мыйзам долбоору парламентке келип түшкөндөн кийин премьер-министр Темир Сариев дыкат анализ жүргүзүлбөгөндүгүн айтып, өкмөт документти чакыртып алган.

© Кумондор УсуповНарын облусунун жашоочулары өкмөткө бир нече талаптарды коюп, шаардын борборунда нааразычылыкка чыкты.
1/2
Нарын облусунун жашоочулары өкмөткө бир нече талаптарды коюп, шаардын борборунда нааразычылыкка чыкты.
© Кумондор УсуповНааразычылыкка чыккандардын негизги талаптары — тоолуу аймактардын жашоочуларына каралган жеңилдиктерди алып салбоо.
2/2
Нааразычылыкка чыккандардын негизги талаптары — тоолуу аймактардын жашоочуларына каралган жеңилдиктерди алып салбоо.
1/2
Нарын облусунун жашоочулары өкмөткө бир нече талаптарды коюп, шаардын борборунда нааразычылыкка чыкты.
2/2
Нааразычылыкка чыккандардын негизги талаптары — тоолуу аймактардын жашоочуларына каралган жеңилдиктерди алып салбоо.

Кечээ парламентарийлер менен болгон жолугушууда нарындыктар негиз жок деп, митингге чыкпай тургандыгын билдиришкен.

Бактыгул Исаевдин айтымында, жергиликтүү эл аталган мыйзам долбоору ошол турушунда кабыл алынбай тургандыгы боюнча кагаз жүзүндө далил керек деп эсептейт. 

"Нарындыктар кыш мезгилинде жылуулук үчүн карыз болгондордун электр кубатын өчүрбөй, төлөгөнгө мөөнөт берүүнү суранышууда. Кыш бул аймакта башка жактарга караганда катаал жана узак болот", — деди ал.

Көмүр жүктөлгөн унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында көмүрдүн баасын 3500 сомдон көтөрбөөгө аракеттер көрүлүүдө
Жергиликтүү тургундун айтымында, митингге 1000ге чукул адам чыкты. Алар өкмөт башчы Сариевге өздөрүнүн талаптары жазылган резолюция жолдой турган болушту.

Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине митинг тынч өтүп жаткандыгын жана элдин саны 400гө жакын экендигин айтты. 

Анын айтымында, турак-жай жана автоунааларды камсыздандыруу боюнча маселе да көтөрүлгөн. 

"Митингге чыккандар турак-жайды менчик эмес, мамлекеттик компания камсыздандырышы керек дешти. Андан сырткары автоуааналарды камсыздандырууну таптакыр эле жоюп салууну талап кылышууда", — деди ал.

Премьер Сариев Баткенге барып, чек арага жакын жолдордун курулушу менен таанышат
Өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыпов элдин алдына чыгып сүйлөп, бардык талаптар өкмөткө жеткирилээрине убада берди.

Митинг катышуучусу Исаев эл өкмөт башчы Сариев келбей койгондугуна нааразы болгондугун айтты. 

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова премьер-министр жакында эле Нарын облусунда болуп кеткендигин, эртең аталган аймакка биринчи вице-премьер Аалы Карашев бара тургандыгын билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0