Атамбаев: блокадада калган Ленинграддын тарыхы — эки элдин биримдигинин тарыхы

Жазылуу
Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында блокадада калган Ленинград шаарынын толу бошотулган күнү. Учурда Кыргызстанда андан аман калган 31 адам жашайт.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Блокадада калган Ленинграддын тарыхы — эки элдин биримдигинин тарыхы. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Ленинград баатыр-шаарынын блокададан толук бошотулган күнүнө байланыштуу кайрылуусунда айтты.

Бүгүн Ленинграддын блокададан толук бошотулган күнү. Учурда Кыргызстанда андан аман калган 31 адам жашайт. Ал эми ал жактан кыргыз жергесине 16 миңден ашуун адам жер которуп келген.

Атамбаев блокададан улам Кыргызстанга келгендердин 3,5 миңи балдар экенин белгилеп, кыргыз эли аларды бир боорундай тосуп алганын белгиледи.

"Блокадачылар дүйнө жүзүнө мурда болуп көрбөгөндөй эрктүүлүктү, чыдамдуулукту жана эрдикти гана көрсөтпөстөн, алар ариеттүүлүктүн жана адам баласынын рухунун майышпастыгынын үлгүсү боло алышты. Ал жактан келген 150 баланы Күрмөнтү айылында жашаган мекендешибиз Токтогон Алтыбасарова өз перзенттериндей камкордук көрүп, аларга эне ордуна эне болуп калды", — деп айтылат кайрылууда.

Ленинградды коргоо Улуу Ата-Мекендик согуштун тарыхындагы өлбөс-өчпөс жана баатырдык барагы болуп саналарын белгилеген Атамбаев 4,5 миңден ашуун кыргызстандык Ленинград шаарын коргоо үчүн салгылаштарда курман болгонун белгиледи. 

"Ардактуу ардагерлер, муштумдай жүрөгүңүздөрдө ошол каардуу жана баатырдык мезгил жөнүндө эскерүүлөрдү сактап, ал өлбөс-өчпөс эпопея тууралуу жаш муундарга айтып берип, коомубуздун турмушуна активдүү катышып жатканыңыздар үчүн сиздерге чексиз ыраазыбыз. Сиздерди мындан ары да жаштарыбыздын жан дүйнөсүндө жана жүрөктөрүндө жогорку руханий жана моралдык сапаттарды калыптандырууга бизге көмөктөшө берет деп ишенем", — деди өлкө башчы.

Сөзүнүн аягында президент блокадычаларга бекем ден-соолук, кажыбаган кайрат жана узун өмүр каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0