Айыл чарба министрлиги райондогу өкүлчүлүктөрүн жаңы компьютер менен камсыздады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКомпьютерлер. Архив
Компьютерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Берилген техниканын жалпы суммасы 77 миң долларды түздү. Бардыгы болуп министрликтин райондордогу 28 өкүлчүлүгү камсыздалды.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Айыл Чарба жана мелиорация министрлигинин райондордогу өкүлчүлүктөрүндө компьютерлер менен кеңсе техникасы жаңыланганын аталган мекеме билдирди.

Техникага Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 28 башкармалык ээ болду. Жаңы жабдуу сатып алууга Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган "Мал чарбачылыгын жана базарды өнүктүрүү-2" долбоору жардам бергени айтылууда.

Техниканын жалпы наркы 77 миң доллары түздү. Эскерте кетсек, министрликтин өлкө боюнча 40 өкүлчүлүгү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0