"Кумтөрдө" каза тапкан кызматкерге төлөнүүчү компенсация кыскарышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековСтолдогу көз айнек жана акча. Архив
Столдогу көз айнек жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек кодекси боюнча компания иш үстүндө каза тапкан кызматкерге 20 жылдык маянасын төлөп берүүгө милдеттүү.

БИШКЕК, 26-янв. – Sputnik. Кырсыктын болушуна маркум өзү күнөлүү болсо, "Кумтөр" тарабынан төлөнүүчү компенсациянын суммасы кыскарат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Тоо-кен компанияларынын Борбордук комитетинин кесиптер бирлигинин төрагасынын орун басары Алмазбек Жакыпов билдирди.

Эске салсак, 25-январда "Кумтөр" кенинде кокустуктун айынан бир жумушчу каза болуп, артында жубайы менен 10 баласы калган.

"Учурда окуя боюнча комиссия түзүлдү. Алар кырсыкка маркумдун күнөөсү бар же жок экенин иликтеп жатат. Ошого жараша төлөнө турган компенсациянын суммасы эсептелип чыгарылат", — деди Жакыпов.

Тагыраагы, төлөнүүчү компенсациянын суммасы комиссиянын чечимине жараша болот. Эгер маркум кырсыкка 50 пайыз күнөлүү деп табылса, компенсация суммасы 50 пайызга кыскарат. 

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Centerra делегациясы "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр үчүн Кыргызстанга келди
Жакыповдун айтымында, Эмгек кодекси боюнча компания иш үстүндө каза тапкан кызматкердин үй-бүлөсүнө 20 жылдык маянасын төлөп берүүгө милдеттүү. 

Мындан сырткары айлыгынын 75 пайызы социалдык фондго "Кумтөр" компаниясы тарабынан которулуусу шарт. Ал каражат жубайына жана 18 жашка чейинки балдарына бөлүнүп, жөлөк пул катары ай сайын берилип турат.

Иликтөө иштери маркумдун компания менен түзгөн эмгек келишиминин негизинде жүргүзүлүп жатат. Анда кызматкер кырсыкка өзү күнөөлүү болсо, компенсациянын суммасынын кыскарышы көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0