Аскер прокуратурасы УКМКнын аскер бөлүгүндөгү окуя боюнча кылмыш ишин козгоду

Жазылуу
УКМК жоокердин сабалышынан кийин аскердик бөлүктө текшерүү жүргүзө баштады. Буга чейин бөлүктүн жетекчилиги кызматтан четтетилгени айтылган.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокердин сабалышы боюнча кылмыш ишин козгогонун аталган мекеме билдирди.

Буга чейин Республикалык жоокер энелеринин комитети Мамарасул Абытбек уулу УКМКнын №64479 бөлүгүнүн офицери тарабынан ур-токмокко алынганын айтып чыккан. Жоокер эстен тангыча сабалганы маалымдалган.

Тепки жеген жоокердин атасы окуянын чоо-жайын айтып берди
Учурда ал аскер госпиталында дарыланууда жатат. Таяктан дене-бою көгөрүп, башында жана ич жагында шишиктер бар экени аныкталды. Дарыгерлер жоокерге баш мээси чайкалган деген диагноз коюшту.

Чырлуу окуядан улам аскер бөлүктүн жетекчиси, анын орун басары жана рота командири кызматтан бошотулду. Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 305-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Күч колдонуу менен кызмат абалынан кыянат пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0