"Арча-Бешик" жаңы конушунда сел каптоосунан сактай турган жайлар курулду

© пресс-служба мэрии города БишкекСел каптоосунан сактай турган жайлар куруу иштери.
Сел каптоосунан сактай турган жайлар куруу иштери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган аймакта селден сактай турган үч түзүлүш курулган. Бирок учурда бул жерлерге турак жайлар салынып кеткени маалым болду.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ленин районунда жайгашкан "Арча-Бешик" жаңы конушунун "Маңка-Жар" капчыгайында селден коргоочу эки түзүлүш курулганын шаардык мэрия билдирди.

Бишкек мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүм билемдик менен үй салынган жер мэриянын карамагына өткөрүлдү
Маалыматка ылайык, курулуш үчүн чыгымдалган 488 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Мында түзүлүштөр суунун шар агымын жасалма жол менен токтотуу боюнча атайын долбоордун негизинде курулду.

ӨКМнын маалыматы боюнча "Маңка-Жар" аймагы кооптуу тилке болуп саналат. Катуу жааган жаан менен кардын эришинен улам "Арча-Бешиктеги" 300гө жакын турак жайды суу каптап кетүү коркунучу күч. 

Бул аймакта 2005-2007-жылдары селден сактай турган үч түзүлүш болгон. Учурда ал жерлерге үйлөр салынып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0