Улуттук гвардия: "Ала-Тоо" аянтындагы башкы желектин тосмосунан өтүүгө тыюу салынат

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук "Ала-Тоо" аянтындагы мамлекеттик желек жайгашкан №1 пост. Архив
Борбордук Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик желек жайгашкан №1 пост. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда мамлекеттик желектин жанындагы Улуттук гвардиянын тосмосунан өтүп кеткен туристтердин жоругу кеңири талкууга алынган. Айрым маалыматтар боюнча чет элдиктер тосмодон сүрөткө түшүү үчүн өтүшкөн.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы мамлекеттик желек жайгашкан №1 посттон өзүн өзү сүрөткө тарткан учурлар көбөйүп кеткендиктен, Улуттук гвардиянын маалымат кызматынын жетекчиси Таалай Мырзабаев шаар тургундары менен конокторуна кайрылуу жолдоду.

"Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын меймандары, кароолдун алмашуусуна кызыгуунун көп экенине карабастан, тосмодон өтүүгө, ага жөлөнүүгө же кырына чыгууга тыюу салынат. Бул №1 посттун чек арасы болуп эсептелет", — деди ал.

Мырзабаев "Ала-Тоо" аянтына келгендердин баарын посттун чек арасына сыйлоо менен мамиле кылып, кароол кызматынын уставын бузбоого жана ШИИБнын кызматкерлери жокто эреже бузгандарга эскертүү берүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0