Түмөнбаев: жол инспектору менин ар-намысыма шек келтирди

Жазылуу
Буга чейин ШИИБ Түмөнбаевдин милиция кызматкерлерин коркутуп-үркүткөнү үчүн кармалганын билдирген. Андан кийин аны Бишкектин чегинен чыкпоо жөнүндө тил каттын негизинде бошотушкан. Түмөнбаевдин айтымында, айтылгандардын басымдуу бөлүгү чындыкка коошпойт.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Жол кайгуул кызматынын инспектору менин ар-намысыма шек келтирди, деп билдирди Олимпиадалык спорттун түрү боюнча дирекциянын жетекчи орун басары Руслан Түмөнбаев.

Кыргызстандагы белгилүү спортчулардын жаңжал коштогон жоруктары
Олимпиада оюндарынын коло байгесин жеңип алган 29 жаштагы спортчу 21-январга караган түнү милиция тарабынан кармалган. Укук коргоо органдарынын айтымында, Түмөнбаев "Lexus RX 330" унаасын эч кандай документи жок айдап келе жатканда токтотулган. Унаа айып короого токтотулгандан кийин спортчу травматикалык тапанча менен жол инспекторлорун опузалаганы айтылат. Мындан соң Түмөнбаев камакка алынган.

Соттун чечими менен спортчу Бишкектин чегинен чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулган.

Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги тараткан Түмөнбаевдин билдирүүсүндө окуянын басымдуу бөлүгү чындыкка дал келбей турганы айтылат.

"Чырдын баары мени токтоткон жол инспектору кыр көрсөтө баштагандан улам келип чыкты. Ал бир нече жолу атайылап менин ар-намысыма шек келтирди. Ар бир эркек өзүнүн сөзү үчүн жооп бериши керек деп ойлойм", — деп айтылат билдирүүдө.

Түмөнбаев милиция кызматкерине карата күч колдонбогонун жана спирт ичимдигин ичпегенин билдирет. Ошону менен бирге тапанча менен коркутту деген дооматтын четке кагууда.

"Мен спортчу катары олимпиадалык принциптерди карманам. Ал жерде чеберчиликти спортто гана колдонуу керектиги айтылган", — деп кошумчалайт балбан.

Руслан Түмөнбаев 2008-жылы өткөн Пекин Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча коло медалды утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0