10:25 07 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Журналист Тынчтык Кожобеков. Архив

Айылыма алыстан туруп көз салганда... Ичип кеткен авалар азайды...

© Фото / предоставлено Тынчтыком Кожобековым
Коом
Кыскача шилтеме алуу
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)
106560

Бул ирет айылга кат жазган журналист, "мээң иштеп турганда мээнет кыл" саптарынын ээси Тынчтык Кожобеков болду. Албетте, айыл дегенде ата-эне көзгө тартылат... анан сагыныч.

… Бишкекте барып окууга өтүп, кайра айылга, Жети-Өгүзгө, киндик каным тамган Сарууга кудуңдаган бойдон келдим. Көчө тыптынч. Жайдын саратаны болчу. Дарбазага келип тыкылдатсам эч ким ачпай койду. Кашаадан секирип түшсөм короодогу ит ырылдап үйгө киргизбейт. Болбосо, өзүм багып чоңойттум эле. Кайра көчөгө чыгып шаабайым сууп, скамейкада олтурам. Окууга өткөнүмө сүйүнүп, бугум ичиме батпай чыдамым кетип жол басып келсем, үйдө эч ким жок! Анысы аз келгенсип итимдин кылганы тигил. 

Журналист Тынчтык Кожобеков с отцом Дуйшоном.
из семейного архива Кожобековых
Атасы Дүйшө менен

Ыйладым. Атам жок, же энем жок… Экөө тең "о" дүйнө салып кетишкен. Ошондо, "атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар" деген накыл кептин төркүнүн түшүнгөм. Ата-эне баласын жол карап күтөт тура…  Кеч курун көчөнүн башынан арабачан айылдаштарым шаңкылдашып чыга келди. Көрсө, көлгө түшкөнү кетишиптир. Бизде Жети-Өгүз районунда көлдүн жээги алыс. Бери дегенде эле 7-8 чакырым. Эс алыш үчүн атайын даяарданып, тамак-ашын даярдап алып, анан барып келебиз. Бизде көл барктуу. 

Ошентип, арабадан түшүп, окууга өткөнүмдү уккан айылдаш туугандарым бетимди калтырбай өпкүлөп куттукташты. Кучакташты. Базарлык сурашты… Баягы ыйымды да, ызамды да унтуттум. Бул күн мага бир кылымдай сезилди. Анткени, кө-өөп ойлор мээмди ээлеп, айылдан ааламга жол тартканым жан дүйнөмдүн тынчтыгын ээледи. Мен окушум керек! Чыгаан журналист болушум керек! Туугандарымдын балдарын окутушум керек! Илимге багыт алган көч башы болом дедим. Мунун баарын өзүм гана сүйлөдүм, өзүм гана уктум. Бир кылымдан бери туугандарымдын баары кой менен жүрүп, кой болушту. Мен айылдан кой кайтарбаш үчүн, кетмен чаппаш үчүн, арак ичпеш үчүн кетким келген жок. Биздин тукумдун балдарын башка нукка буруш үчүн кетким келди. 

Ошол түнү уктаган жокмун. Уктадым, бирок мээм эс алган жок. Эртеси, анын эртеси, күндөр чубап өттү… Ошентип, студент болуп, шаарга жөнөдүм. Мен "акылдуу адам" болгону кеттим… 

Журналист Тынчтык Кожобеков со своими родными и близкими в детстве
из семейного архива Кожобековых
Тынчтык Кожобеков туугандары жана бир туугандары менен. Алдыңкы катарда, солдон биринчи

Ошондогу айыл менен азыркы айылдын айырмасы сыртынан бир караган адамга билинбейт. Көчөлөр, үйлөр ошол бойдон. Ичине кирсең ысык суусу, кир жууган машинеси болуп, шаардык үйлөрдүн шартынан кем калышпайт. Албетте, баары эмес. СССР кулаганда иши жок калып стресске түшүп, ичип кеткен авалардын арасы сууп калды. Алардын ордун жаңы замандын жигиттери менен келиндери басты. Тиричилиги, турмуш принциптери жана жашоого болгон көз караштары башкача. Өз оокатын гана кыбыратпастан, өлкө тагдырын ойлоп митингге да чыгышат, акыйкаттык издешет. Ар ким өз көмөчүнө күл тартса, турмуш оңолуп кетпесин эчак эле түшүнүшкөн.  Бирге болуу, бирге иш кылуу абалтадан келе жаткан саясат экенин аңдап билишкен. Шайлоодо эң көп добушту да ушул менин айылым берет. Ошондон улам, элдин саясий эрки күчтүү. Эки мектеп, спорт мектеби, стадион, таза суу, бейтапкана, мончонун түрү, мечит, интернет, телефон, концерт клуб баары бар. Өсүмдүктүн түрү, жашылча жемиштин баары өсөт. Атактуулары андан көп… Азыр Россиянын айрым цирктеринде Саруулук жигиттердин бир канчасы машыгып искусствого аралашып баштады…

Кудай берген табигатын сөз менен айтып жетикире албасмын. Анткени, мактангандай боломун. Жуукучактын ичиндеги жерден чыккан ысык суунун дарылык касиетин эле айтсам, менин жериме ашык болуп калаарыңыз анык. Айтылуу акын, Түмөнбай Байзаков жазгандай, "алыстан ар кыл сөз айтпастан, аймагын атайын келип көр".    

Менин айылым ушундай.

Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (73)

Тема боюнча

Сагынычтуу салам кат… Өлкөдө өлбөй келаткан эпистолярдык жанр
Айылга кат. Султан Палвандын айылына болгон сагынычы

ЭҢ МААНИЛҮҮ