Сот спортчу Руслан Түмөнбаевге тергөө бүткөнчө сыртка чыкпоого өкүм чыгарды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык милиция 29 жаштагы белгилүү спортчу тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине тапанча кезеп, коркуткандыгын билдирген.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Руслан Түмөнбаевди Октябрь райондук соту тергөө аяктаганга чейин Бишкектин аймагынан сыртка чыкпоо жөнүндө өкүм чыгарды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Кыргызстандагы белгилүү спортчулардын жаңжал коштогон жоруктары
Милиция улуттун намысына жарап жүргөн спортчу Түмөнбаев 21-январдын түн ичинде мас болуп инспекторлорго кармалып, унаасын айып короого токтоткондугу үчүн аларды тапанча менен коркутканын маалымдаган. Мындан улам спортчуга кылмыш иши козголгон.

Республикалык наркология борбору Түмөнбаевдин мас экендигин аныктаган. Бул фактылар боюнча Октябрь РИИБ тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин "Газ куралын мыйзамсыз алып жүрүү, сатуу, сактоо" жана "Бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0