Милиция илбирсти өлтүргөн мергенчини камактан чыгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин баш кийими. Архив
Милиция кызматкеринин баш кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Браконьер жарым миллион сом айып пул тартып же үч жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда бул боюнча тергөө жүрүп, кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Илбирсти өлтүргөн деп шектелген мергенчи эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде камактан бошотулду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук ИИБден билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 16-январында ак илбирстин өмүрүнө забын болгон 48 жаштагы аңчы кармалган.

Ага чейин милицияга жырткычтын октон өлгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Мергенчи 15-январь күнү аны карышкыр деп кабыл алгандыктан атып алганын айткан. Кызыл китепке киргизилген жаныбарды атканы үчүн мергенчи жарым миллион сом айып пулга жыгылып же үч жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Тийиштүү 48 саат өткөндөн кийин кармалган аңчы эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган жаранга карата 278-беренесинин (Мыйзамсыз аңчылык кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат, иштин материалы сотко бериле элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0