Өмүр бою эркинен ажыратылгандар өзүнчө имаратка которула баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаза аткаруу мамлекеттик комитетинин кызматкери. Архив
Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖАМК февраль айынан тарта №27 түзөтүү колониясында курулган корпуска башка түрмөлөрдө өмүр бою эркинен ажыратылган жарандар которулуп келерин белгиледи.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. №27 түзөтүү колониясына жаңы курулган корпустарга өмүр бою эркинен ажыратылгандардын алгачкы тобу жеткирилгенин Жаза аткаруу мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, корпус тийиштүү жабдуулар менен камсыздалып, 25 кишини ишке тарткан ишканалар уюштурулат. Бир айдын ичинде жаңы корпуска №19 колонияда жаза өтөп жаткан 350 жаран алып келинип, ал эми аталган колонияга өзгөчө режимдеги абак статусу берилет.

Февралдан тартып №27 түзөтүү колониясына башка абактардагы өмүр бою эркинен ажыратылган жарандар которулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0