Спорт комитети Түмөнбаевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө бере элек

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиаданын коло байгесине ээ болгон спортчу Руслан Түмөнбаев олимпиадалык спорт түрү боюнча дирекция жетекчисинин орун басарлык кызматын аркалайт. Ал 21-январь күнү милиционерлерди тапанча менен коркутканы үчүн кармалганын укук коргоо органдары маалымдашты.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Мамлекеттик жаштар иши, спорт жана дене тарбия агенттиги балбан Руслан Түмөнбаевдин кармалышы боюнча эч кандай түшүндүрмө бербей турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Түмөнбаев олимпиадалык спорттун түрү боюнча дирекциянын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенет. 

© пресс-служба ГАФКиСБорец Руслан Тюменбаев
Борец Руслан Тюменбаев - Sputnik Кыргызстан
Борец Руслан Тюменбаев

Ал милиция тарабынан 21-январдын түнүндө кармалган. Укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө, Түмөнбаевдин "Лексус 330" үлгүсүндөгү унаасы токтотулгандан кийин анын эч кандай документи жок экени белгилүү болгон. Унаа айып короого токтотулгандан кийин спортчу милиция кызматкерлерин тапанча менен опузалап коркуткан.

Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте апта ичинде экинчи ирет жол инспекторун сүзүп кетишти
Экспертиза Түмөнбаевдин мас абалында экенин аныктап чыкты. 

Бул боюнча Октябрь райондук ИИБ тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин "Газ куралын мыйзамсыз алып жүрүү, сатуу, сактоо" жана "Бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда спортчу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0