Кочкордун 14 айылы ичүүчү сууга муктаж

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши челеке менен суу ташуусу. Архив
Киши челеке менен суу ташуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Район коллегиясында аймактын социалдык-экономикалык абалы, былтыркы жылдын отчету жана кийинки жылга планы талкууга алынды.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кочкор районундагы 33 айылдын 14үнүн жашоочулары таза сууга жетпей келет. Бул тууралуу аталган райондун коллегия жыйынында белгилүү болду.

Сариев: эки жыл ичинде Миң-Куштун эли Чаекке көчүрүлөт
Иш-чарага катышкан өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов ушул жылдын 26-январына чейин айылдарды таза суу менен камсыздоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Маалыматка ылайык, коллегияда өткөн жыл ичинде Кочкор районунда 64 млн. 695,7 миң сомдук продукция өндүрүлүп, 180 миллион сомдон ашуун инвестиция тартылган. Былтыркы жылга пландаштырылган 240 долбоордун 176сы ишке ашканы айтылды.

Мындан тышкары, аймактагы мал уурулукту азайтуу, жаштар тартибин колго алуу, коомдук уюмдар менен тыгыз иш алпаруу, билим берүү сапатын жогорулатуу сыяктуу маселелер каралды.

Жаңылыктар түрмөгү
0