Россиядан жоголгон улан Кыргызстандан табылды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын ички иштер органынын кызматкерлери. Архив
Россиянын ички иштер органынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиядагы атасынын үйүнө конокко барган бала Кыргызстанга айтпай кетип калган.

БИШКЕК, 22-янв. – Sputnik. Россиянын ички иштер органынын кызматкерлери тарабынан издөөгө алынган 19 жаштагы улан Кыргызстандан табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Россиянын ИИМине 2015-жылдын сентябрь айында өлкөнүн жараны кайрылып, уулу үйдөн чыккан бойдон кайтып келбегенин айткан. Мындан улам, 8-сентябрдан тарта издөө иштери башталган.

Комьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: 13 күндөн бери дайынсыз жоголгон жаран интернет-клубда "Дота" ойноп жүргөн
Жоголгон жигит кыргыз улутунан болгондуктан Россиянын ИИМ кызматкерлери Кыргызстандагы кесиптештеринен жардам сураган. Жыйынтыгында, январь айында бала Чүй облусундагы аймактардын биринен табылган.

Такталган маалыматтар боюнча, ал атасы жашаган Россиянын Саха Республикасына конокко барган. Кийин, атасына кабарлабастан Кыргызстанга баса берген. 

Табылган бала качып сурай келгенде себебин айта алган эмес.

Маалымат кызматы учурда ал Чүй облусунун аймагындагы мектептердин биринде билим алып жаткандыгын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0