РАЖ оң рулдуу унааларга тыюу салуунун мөөнөтүн узартууну сунуштайт

© flickr.com / Manoj PrasadОң рулдуу унаа. Архив
Оң рулдуу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фракциянын эртең өтүүчү жыйынында ИИМ жетекчиси Турганбаев катышып, оң рулдуу унаалар тууралуу маалымат бериши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясы оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салуу мөөнөтүн узартууну сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган фракция билдирди.

Автоунаадагы ОСАГО полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаа ээлерин сөзсүз камсыздандыруу, же кыргызстандык айдоочулар эмнеден коркушу керек?
Маалыматка ылайык, бул боюнча эртең фракциянын жыйыны өтөт. Депутаттар оң рулдуу унааларда жүргүнчү жана жүк ташууга тыюу салуу маселесин карашат. Ага ички министри Мелис Турганбаевдин катышып, маалымат берүүсү күтүлүүдө. Фракция тыюу салуу мөөнөтүн 2020-жылдын 1-январына чейин узартуу сунушун дарядоодо.

Мындан тышкары, фракция жыйын жүрүшүндө инфраструктуралык базаны өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана аймактагы орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча "Аймактардын артыкчылыктуу өнүгүүсү жөнүндө" мыйзамын карамакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0