Парламентте мунай заттарын иштетүүчү "Жунда" заводунун тагдыры талкууланды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүНефини кайра иштетүүчү завод. Архив
Нефини кайра иштетүүчү завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентте заводунун ишин убактылуу токтотуу фактысы боюнча маалымат угулду.

БИШКЕК, 21-янв — Sputnik. Кара-Балта шаарындагы "Чайна Петроль Компани Жунда" заводунун директорунун орун басарларынын бири камакка алынып, кылмыш иши козголду. Бул туурасында аталган завод боюнча парламенттеги талкууда белгилүү болду.

Парламентте заводдун ишинин убактылуу токтотуу фактысы боюнча маалымат угулду.

Канистр мунай заты менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чалдыбарда мыйзамсыз сакталган 36 тоннадан ашык мунай заты табылды
"Жунда" нефини кайра иштетүүчү заводу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынып, ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. 

Аталган мекеменин жетекчиси Бактыбек Аширов аталган заводдун ишин текшере келгенде бир топ мыйзам бузуулар аныкталгандыгын билдирди.

Ал заводдун иши токтотулбаганын, текшерүү үчүн видеобайкоо блогу гана убактылуу жабылганын, соттун чечими аркылуу документер менен маалымат чипи алынып, тергөө иштери улантылып жатканын айтты.

"Бизге мыйзам бузуу фактылары боюнча оперативдүү маалыматтар түшкөн. Ачыкка чыккан документтерге ылайык, ишканадан бюджетке эки эсе көп салыктык каражат түшүүгө тийиш экен. Ушул кезге чейин өнүм көлөмү да, салык өлчөмү да жашырылып келген",— деди Аширов.

ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевдин пикиринде, заводдун ишинин токтоп калышы бюджетке зыянын тийгизет.

"Албетте, мыйзам бузган жактарды текшериш керек, бирок анын ишин токтотуп койбош керек. Ошондуктан, прокуратура органдары муну текшерип, өз баасын берүүсү зарыл", — деген депутат.

19-январда аталган комитеттин мүчөлөрү жеринде болуп, ал жерде көчмө жыйын өткөргөн. Анда ишкана 2015-жылы бюджетке орто эсеп менен айына 30 миллион сом өлчөмүндө салык төлөп тургандыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0