18:31 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR84.5647
  • RUB1.0428
Коом
Кыскача шилтеме алуу
56 0 0

Контрафактык продукция соттун чечими менен Бишкектин борбордук канализациясына төгүлдү. Анын бир бөлүгү этил спирти болуп кайра иштетилет.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз соодадан алынган 700 литрден ашуун алкоголдук продукцияны жок кылганын аталган мекеме билдирди.

  • Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз соодадан алынган 700 литрден ашуун алкоголдук продукцияны жок кылды
    Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз соодадан алынган 700 литрден ашуун алкоголдук продукцияны жок кылды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Арак, коньяк, бальзам, сыра жана шарап Бишкектин борбордук канализациясына төгүлдү
    Арак, коньяк, бальзам, сыра жана шарап Бишкектин борбордук канализациясына төгүлдү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Мындай чечим Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттигинин корутундусуна негизделген
    Мындай чечим Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттигинин корутундусуна негизделген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Мындан тышкары, соттун чечимине ылайык, 5261 бөтөлкө арак жана курамында спирти бар 154 литр продукцияны этил спиртине айландырышат.
    Мындан тышкары, соттун чечимине ылайык, 5261 бөтөлкө арак жана курамында спирти бар 154 литр продукцияны этил спиртине айландырышат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз соодадан алынган 700 литрден ашуун алкоголдук продукцияны жок кылды

Арак, коньяк, бальзам, сыра жана шарап Бишкектин борбордук канализациясына төгүлдү. Мындай чечим Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттигинин корутундусуна негизделген.

Мындан тышкары, соттун чечимине ылайык, 5261 бөтөлкө арак жана курамында спирти бар 154 литр продукцияны этил спиртине айландырышат. 

Былтыр рейд учурунда 772 чарбалык субъект текшерилип, мыйзам бузган 190 факт катталган. Натыйжада 20,4 миллион сомдук 240 миңге чукул бөтөлкө контрафакттык алкоголдук продукция тартып алынган.

Укук коргоо органдарына жасалма акциздик марка жана лицензиясыз иштен тартып алынган 27 материал жөнөтүлгөн. Анын 17си боюнча кылмыш иши козголуп, 8и кароодо турат.

Тема боюнча

"Народный" дүкөнүнөн сатуудан алынган 49 бөтөлкө арак экспертизага жөнөтүлдү
Кыргызстан үчүн акциздик марканы чет элдик үч компания жасагысы келет
Белгилер:
салык, спирт ичимдиктери, продукция, алкоголь

ЭҢ МААНИЛҮҮ