Эми Нью-Йоркто да чүкө ойношот

© Лютер ФлагстадВыпуск игры Chuko Bones — мешочка с альчиками
Выпуск игры Chuko Bones — мешочка с альчиками - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарындык мугалим Максат Жакыпбеков менен америкалык ыктыярчы Лютер Флагстад Кыргызстанда Chuko Bones — чүкө салынган баштыкчаларды чыгарууну жөнгө салышкан. Алар Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына эмне үчүн чүкө тартыш болуп жатканын жана кытайлык фабрикачыларга анын кереги эмне экенин айтып беришти.

Chuko Bones — 15 чүкөдөн, дүйнөнүн белгилүү тилдеринде жазылган нускамадан жана төрт оюндун эрежелеринен турат.

Американын Peace Corps. уюмунун мурдагы ыктыярчысы Лютер Флагстад Сент-Пола (Миннесота штатынын борбору) шаарынан келип, бир нече жылдан бери Кыргызстанда жашайт. Ал 2,5 жыл Кызыл-Дөбө айылында жана бир жыл Кочкор районунун борборунда волонтерлук кылып, эми Бишкекте орус тилин үйрөнүүдө. Келерки жылы Нью-Йорктун университетине тапшырууну пландоодо. 

© предоставлено Лютером ФлагстадомНарындык мугалим Максат Жакыпбеков менен америкалык ыктыярчы Лютер Флагстад
Выпуск игры Chuko Bones — мешочка с альчиками - Sputnik Кыргызстан
Нарындык мугалим Максат Жакыпбеков менен америкалык ыктыярчы Лютер Флагстад

Максат Жакыпбеков — Кочкор районунун Кызыл-Дөбө орто мектебинде математика мугалими. 

— Бул ой кантип жана кимде пайда болгон, эмне максатты көздөйт?

М. Ж.: Биз Лютер менен ал англис тилинен сабак берип жүргөн мектепте таанышканбыз. Анан калса, ал кыргыз каада-салтына, кол өнөрчүлүгүнө кызыгат. 

Бир жолу мектеп аянтчасында балдар менен чүкө ойноп жатканбыз. Биринчи жолу ойносо да, америкалыкка аябай жагып калды. Анан биз ушундай кызыгып кеттик дейсиз, күн сайын ойноп калдык (күлүп). Короодо эле балдар ойночу оюндан ошентип Chuko Bones жаратуу идеясы пайда болду. Ал эми максатыбыз болсо — кыргыз элинин маданий мурасын сактап калуу.

© Лютер ФлагстадChuko Bones — чүкө салынган баштыкча
Выпуск игры Chuko Bones — мешочка с альчиками - Sputnik Кыргызстан
Chuko Bones — чүкө салынган баштыкча

Л. Ф.: Ооба, элдик оюнду жайылтуу жөнүндө ой 2013-жылы келген. Максат экөөбүз тааныштарбыздан чүкө чогулттук. Түрдүү түскө боёп алып, туристтерге сунуш кыла баштадык. Бизге Максаттын апасы Нурсия эже жана анын эжелери Элмира Сыдыкова менен Чынара Ибраимова жардам беришти.

— Чет элдиктерге жөн эле бир сөөк менен ойноо өөн көрүнгөн жокпу? 

М. Ж.: Тескерисинче, чындап кызыгышты, ошондо биз муну жагымдуу жана кызыктуу кылуу жөнүндө ойлонуп калдык. Лютер дизайнын иштеп чыгып, которуу менен алектенди.

Л. Ф.: Аксакалдардан жана оюнду жакшы билгендерден анын түрлөрү жөнүндө билип алып, аларды системалаштырып, эң кеңири тараган түрлөрү — упай, чертмей, өкчөө жана беш таш оюндары үчүн нускамаларды иштеп чыктык. Ошондой эле жаңы үйрөнчүктөр үчүн видеонускама жазып Youtube каналына чыгардык.

— Чүкө салынган мындай кооз баштыкчаларды ким жана кантип даярдайт? 

Л. Ф.: Баары колго жасалат. Кыргыз оймосу түшүрүлгөн кол баштыктарды жергиликтүү чеберлер жасаган. Чүкөлөрдү чогултуп, кылдат тазалап, табигый боёк менен кийиз боёгон ыкмада боёйбуз. 

— Бизде чүкө ошончо эле көппү? Баарына жетеби?

Чет элдиктерди таң калтырган кыргыз тамактары
М. Ж.: Башында айылдаштар менен тааныштардан эле чогултчубуз, эми муну табыш кыйын болуп калды (күлүп). Көп чогултуш үчүн бардык айылдарды кыдырыш керек, ага болсо унаа талап кылынат, тазалаганга шайман керек, азырынча буга акчабыз жетпейт. 

Л. Ф.: Биз эл аралык рынокко чыксак дейбиз, ошон үчүн азыр желимден чүкө жасоону пландап жатабыз, бул бир топ арзан болот. Кытайда мунун атайын жабдуусу бар дешет. 

— Азыр Chuko Bones кимдерди кызыктырып, кимдер сатып алууда?

М. Ж.: Чүкө баштыкчалары Бишкек менен Нарындын 14-15 чакан дүкөндөрүнө коюулууда. Негизинен Европы, Америкадан жана ашка өлкөлөрдөн туристтер сатып алып жатат. Алардын кыргыз маданияты менен каада-салттарына кызыгуучу чоң, көчмөндөрдүн жашоо-турмушу жөнүндө көбүрөөк билсек дешет. Chuko Bones баштыктарын алар Кыргызстан жөнүндө эстелик белек катары алышат. 

© Лютер ФлагстадНарындык мугалим Максат Жакыпбеков үй-бүлөсү менен
Выпуск игры Chuko Bones — мешочка с альчиками - Sputnik Кыргызстан
Нарындык мугалим Максат Жакыпбеков үй-бүлөсү менен

Мындан тышкары, каалоочулар чүкө салынган оюн баштыкчаларын дүйнө кол өнөрчүлөрүнүн байланыш жана маданий алмашуу сайтынан сатып алышса болот. 

— Чүкө салынган Chuko Bones баштыктарын эл аралык фестивалдарда көрсөтсөк деген оюңар жокпу? 

Л. Ф.: Идеябызды Борбор Азия өлкөлөрүндө бир нече фестивалга алып чыксак деп пландап жатабыз. Апрелде эл аралык маданият фестивалдарынын биринде, августта Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна алып чыгууга даярданып жатабыз. Бул жагынан бизге "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду көмөк көрсөтүүдө.

— Мындан аркы пландарыңар кандай? Лютер, Кыргызстанда калайын деген оюңуз жокпу? 

— Азыр Chuko Bonesко автордук укук алуунун үстүндө иштеп жатабыз. Өзүм болсо келерки жылы Нью-Йорктун университетине тапшырганы турам. Бул жерде биротоло калбасым түшүнүктүү дечи, бирок чүкөнү эми көп ойнойм (күлүп) жана өзүмдүн америкалык досторумдун баарына бул кайталангыс оюнду сөзсүз үйрөтөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0