Ноокенде мамлекеттик жер жең ичинен жеке менчикке берилгендиктен кылмыш иши козголду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБатирдик ачкычтары. Архив
Батирдик ачкычтары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Достук айыл аймагынын жетекчилиги "Дружба" насос чордонунда жайгашкан турак үйлөр менен бирге жанындагы жер тилкелери да берип жиберген.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жалал-Абаддын Ноокен районунун Достук айыл аймагынын кызматкерлери мамлекеттик мүлктү жеке менчикке берип жиберген учур аныкталганын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Бишкек мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүм билемдик менен үй салынган жер мэриянын карамагына өткөрүлдү
Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "Дружба" насос чордонунун аймагындагы үч турак үйдү жер тилкелери менен кошо жеке адамдарга мыйзамсыз берип жиберишкен. 

Ал эми өкмөттүн токтому боюнча аталган насос чордону Суу чарба жана мелиорация департаментинин карамагына өткөрүп берүү каралган. 

Бул факты боюнча УКМКнын Жалал-Абад боюнча башкармалыгы Кылмыш жана жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "КРнын жер мыйзамын бузуу" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0