Президент Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргыз республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик сыйлыктар менен бирге президент сыйлык ээлерине 10 миң сомдон, ал эми көзү өткөндөрдүн үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон берди.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн интеллектуалдык, руханий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон жарандарга мамлекеттик сыйлык тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өз сөзүндө президент сыйлангандарды куттуктап, сыйлыктарды ээлерине тапшыруу ал үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.

"Кыргызстан элинин атынан сиздерге эмгекчилдигиңиздер, Ата Мекенге болгон сүйүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем", — деди Атамбаев.

Президент акыркы жылдары мамлекеттик сыйлыктар сейрек тапшырылып келгенин кошумчалап, мамлекеттик сыйлыктар тууралуу жаңы мыйзам долбоору жаңы парламенттин депутаттары тарабынан колдоо табарына ишеним артты.

"Сиздер сыйга талыкпаган эмгек менен татыктуу болдуңуздар. Сиздерге жана сиздерге окшогон миңдеген карапайым адамдардын аркасы менен өлкө өнүгүү жолуна түштү. Бүгүн биз таза иштеп айырмалана алган кызматкерлерди сыйлап жатабыз", — деди Атамбаев. 

Мамлекеттик сыйлыктар менен бирге президент сыйлык ээлерине 10 миң сомдон, ал эми көзү өткөндөрдүн үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон берди. Каражат президенттин чечими менен президенттин фондусунан бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0