Көлдө ишкер айымдарга иштин көзүн таанытып жатышат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЖенщина расплачивается в кассе банка. Архивное фото
Женщина расплачивается в кассе банка. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күнгө созулган семинар элет жеринде жашап ишкердүүлүк менен алектенген айымдардын бизнесинин туруктуулугу үчүн алардын финансылык билимин арттыруу максатын көздөйт.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Караколдо Ысык-Көлдүн ишкер кыз-келиндери үчүн уюштурулган окутуунун экинчи курсу өтүп жатат. Бул туурасында Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуу айымдардын финансылык сабатсыздыгын жоюу, бизнести пландаштырууну үйрөнүү жана лидердин сапаттарын өздөштүрүүгө багытталган. Иш-чараны Экономика министрлиги жакырчылыкты кыскартуу боюнча Япон фонду менен биргеликте уюштурган.

"Учурда 25 аял окуп жатат. Алар негизинен өндүрүш, кызмат көрсөтүү, кол өнөрчүлүк, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатында алектенип келет. Семинарлар элеттик ишкер айымдардын финансылык сабатсыздыгын жоюп, бизнесинин туруктуулугун шарттайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Семинар эки күнгө созулуп, бүгүн аяктай турганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0