Бишкектик 3 окуучу эл аралык жарыштан алтын баштаган 11 медаль алып келишти

© пресс-служба образовательного учреждения "Себат"Эл аралык The World Scholar’s Cup дебат турниринде беш алтын медалга ээ болгон "Себат" билим берүү мекемесинин окуучулары.
Эл аралык The World Scholar’s Cup дебат турниринде беш алтын медалга ээ болгон Себат билим берүү мекемесинин окуучулары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык окуучулар биринчи турдан ийгиликтүү өтүп, Бангкок шаарында өтө турган финалга жолдомо алышты.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Себат" билим берүү мекемесинин окуучулары Эл аралык The World Scholar’s Cup дебат турниринде беш алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди. 

Турнирдин биринчи туру 9-10-январь күндөрү өтүп, анын жыйынтыгы менен Кыргызстандан барган үч окуучу беш алтын жана алты коло медаль тагынды. Мындай жыйынтык менен кыргызстандык окуучулар финалдык бөлүккө жолдомо алышты.

Дүйнөлүк билим олимпиадасында кыргызстандык окуучу мыктылардын үчилтигине кирди
The World Scholar’s Cup турнири 2008-жылдан бери дүйнөнүн 52 өлкөсүндө өтүп келет. Ал үч бөлүктөн туруп, катышуучулар алгач биринчи тур, финал, анан супер финалда күч сынашат.

Финал Таиланддын Бангкок шаарында өтөт, ага дүйнөнүн мыкты 300 командасы чакырылган.

Финалдык турдун жыйынтыгы менен 100 команда супер финалга чыгат. Ал Сингапурдун Йель коллежинде болот.

Дебаттар англис тилинде өткөн. 

Буга чейин декабрь айында Түштүк Кореяда өткөн XII International Junior Science (IJSO- 2015) олимпиадасында кыргызстандык окуучу коло медалга татып, эң мыктылардан аталган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0