Сариев: электр энергиясындагы жоготууларды төмөндөтүү зарыл

© Пресс-служба НЭСКЭлектр зымдарын оңдоо. Архив
Электр зымдарын оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы кышка даярдык жакшы болгон үчүн Токтогул ГЭСиндеги аварияга карабастан электр энергиясы үзгүлтүксүз берилгенин айтып, бирок бул чоң коңгуроо экенин эскертти.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев электр энергиясындагы жоготууларды төмөндөтүүнү күз-кыш жылытуу мезгилин өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал быйыл кышка даярдык жакшы болгон үчүн Токтогул ГЭСиндеги аварияга карабастан электр энергиясы үзгүлтүксүз берилгенин айтып, бирок бул чоң коңгуроо экенин эскертти. 

"Кырсыктын себеби жабдыктардын эскилиги жеткени болууда. Ошондуктан, энергетика системасында оңдоодон өткөрүп, кошумча кубаттуулуктарды кошуу керек", — деди Сариев.

Өкмөт башчы учурда Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 10,8 миллиард куб метр экенин, бул былтыркыга караганда 2 миллиардга көп экенин белгиледи.

Сариев 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча жоготуулар жалпы өлкө боюнча 14,9 пайызды түзгөнүн билдирип, бөлүштүрүү компаниялардын алдында дебитордук карыз 275,6 миллион сомго көбөйгөнүн маалымдады.

"Электр энергиясын жоготуу жана карыздарды чогултуу боюнча ишти кескин түрдө жакшыртуу керек. Буга байланыштуу тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралат. Аймактарда бул боюнча облус, район жетекчилери да жооп берет", — деди ал.

Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алат
Премьер-министр буга чейин бир катар объектилерди альтернативалуу булактарга өткөрүү жана Бишкек шаарындагы жаңы конуштарды газга өткөрүү тапшырмасы берилгенин билдирип, бул жаатта ишти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, жыйында Сариев электр энергиясындагы жоготууларды азайтуу боюнча "акылдуу эсептегичтерди" орнотууну активдештирүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0