Чүйдүн жашоочулары Жангарач аттуу тарыхый аталышты кайтарууну суранып жатышат

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүКөчөдөгү жазууну алмаштыруу. Архив
Көчөдөгү жазууну алмаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыламыш айылынын жашоочулары кыргыздын ири урууларынын башчысынын бири болгон Жангарачтын урматына коюлган атты кайтарууну суранып жатышат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жыламыштын жашоочуларына айылга солто уруусунун башчысы Жангарачтын урматына коюлган аталышты кайтарууну сунуш кылып жатат. Бул туурасында "Чүй облусунун Сокулук районундагы Гавриловка айыл өкмөтүнө караштуу Жыламыш айылын Жангарач деп атоо" жөнүндөгү мыйзам долбоорунда айтылат. 

Муну Өз алдынча башкаруу жана улуттар аралык мамлекеттик иштер боюнча агенттик демилгелеп чыкты. Мыйзам долбоору айылдын жашоочуларынын арызынын негизинде даярдалган. 

"Айыл 1919-жылга чейин Жангарач деп аталып, кийин Чапаев, андан соң Жыламыш аты берилген. Тарыхый аталышын кайтаруу жана адилеттикти орнотуу максатында анын айыл атын өзгөртүү сунушталып жатат",— деп айтылат негиздеме документте. 

Жангарач Эшкожо уулу солто уруусунун атактуу манаптарынын бири болуп, Таласты жана Чүйдүн бир капталын башкарып турган. 

"Жангарач Эшкожо уулу 17 жашынан тарта саясий иштерге аралаша баштаган. 20 жашында солтого баш көз болуп, аны 40 жылдан ашуун башкарып турган",— деп айтылат документте. 

Жангарач 1848-жылы Ормон хан менен биргеликте Чүй өрөөнүнө кол салган казактардын мизин кайтарган. Алардан кийинки чабуулдары менен кол салууларынан арылуу үчүн Россияга кошулуу туурасындагы сунушун киргизген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0