Шаардык милициянын былтыркы ишмердигине баа берилди

Жазылуу
Эң жогорку баага Ленин районунун кызматкерлери ээ болсо, төмөнкү көрсөткүчтү Свердлов районунун милициясы көрсөткөн.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын райондук башкармалыктарынын өткөн жылдагы ишмердигине баа берилгенин ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, ички иштер министри Мелис Турганбаевдин катышуусу менен жыйын өтүп, анда өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылды.

ИИМ Академиясынын курсанты КМШнын илимий конкурсунда кантип жеңгендигин айтып берди
Натыйжада жогорку 48,3 баллды Ленин районунун милициясы алса, кийинки сапта 45,3 балл менен Октябрь району турат. Үчүнчү орунга 45,2 балл менен Биринчи Май району татыса, эң төмөнкү көрсөткүчкө — 44,4 баллды Свердлов району ээ болгон. 

Шаардык милициянын ишмердүүлүгү мыйзамдуулук, жарандардын коопсуздугун жана укугун сактоо, мыйзам бузууларды аныктоо, кылмыштуулуктан коомчулукту коргоо жана кылмыштын бетин ачуу сыяктуу критерийлери менен бааланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0