Продюсер: Бишкекке жакында Шакира келет, Женнифер Лопес келип кеткен

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаш режиссер жана продюсер Ислам Сатаров.
Жаш режиссер жана продюсер Ислам Сатаров. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга чет элдик ырчылар жаш режиссер жана продюсер Ислам Сатаров аркылуу келип турушат. Алардын бири Рей Хортон аттуу голливуд ырчысы Кыргызстандан клип тарттырганга жетишкен. Ал эми франциялык Ингрид кыргыздын комузу менен ооз комузу коштогон аранжировка жасатып жатыптыр.

Эсиңизде болсо Ингрид "Tu Es Foutu" деген ыры менен дүйнөгө таанымал болгон.

Айрым жарандар Кыргызстанга дүйнө жылдыздарынын "двойник" аталган окшоштору келип жатканын айтышууда. Мындан улам бул суроону Sputnik Кыргызстан Ислам Сатаровдун өзүнө узатуну чечти.

 Ислам мырза сиз Кыргызстанга чет элдик ырчыларды чакырып концерт койдуруп, аларга бешбармактан ооз тийдирип келет экенсиз. Бирок, Ислам "двойниктерди" чакырып бизнес кылат деген кептерди угуп калчу болдум… 

—  Ооба дүйнө жылдыздарынын "двойниктери" чынында бар. Алардын иши интернет тармагы күчөй электе жакшы жүрүп келген. Бирок, бүгүнкү күндө бир нерсени жашыруу мүмкүн эмес. Технология, интернет өнүгүп турган заманда айыбың бат эле ачылып калат. Мисалы, Корей аткаруучусу PSY Канны фестивалына барган, андан кийин эле PSY өзүнүн расмий баракчасына "Кудай сакта, мага абдан окшош экен" деп жазып "двойниктин" жүзүн ачып койду. Эгер мен дагы окшоштор менен иштешип жүргөн болсом, калпым бат эле чыгып калмак. Мындан сырткары 80-жылдардан тарта голливуд жылдызына айланган Рей Хортон Кыргызстандан клип тарттырды. Ал клип Кыргызстандын аймагынан сырткары чет элдик телеканалдардан дагы берилет. Эгер ал дагы окшош киши болсо клип тартып уят болууну каалабайт элем (күлүп). 

© AFP / JUNG YEON-JEКорей аткаруучусу PSY Канны фестивалына барган, андан кийин эле PSY өзүнүн расмий баракчасына "Кудай сакта, мага абдан окшош экен" деп жазып "двойниктин" жүзүн ачып койду
Южнокорейский певец PSY - Sputnik Кыргызстан
Корей аткаруучусу PSY Канны фестивалына барган, андан кийин эле PSY өзүнүн расмий баракчасына "Кудай сакта, мага абдан окшош экен" деп жазып "двойниктин" жүзүн ачып койду

 Рей Хортон кандайча Кыргызстандан клип тарткысы келип калды?

—  Чынында бул менин сунушум болгон. Ал Кыргызстанга келгенге чейин өлкөбүздүн кооз сүрөттөрүн жиберип беш айдай сүйлөшүү жүргүзүлдү. Концерт койгону келгенден кийин өлкөбүз тууралуу пикирин өзгөрттү десем болот. Концерт коюга макул болгону менен клип тартуу оюнда жок болчу. Себеби, интернеттен "Орел и Решка" берүүсүнүн Кыргызстан тууралуу сюжетин көрүп, бир аз башка ойдо калган экен. Кийин Ысык-Көлдүн кооздугун, элдин меймандостугун көрүп пикирин такыр өзгөрттү. Койдун этин жеп, даамдуу экенин айтты. Көлдүк агабыз Рейге күлүк ат белек кылууга да жетишти. Ушундай шардана менен ырчы 10 күн Ысык-Көлдө эс алып калды. Кийин эки клип тартууга макулдугун алдык. 

 Ырчылардын талаптары болот эмеспи, аны карабастан эт жеп кеттиби?

Россиялык ырчы Вилли Токарев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия жылдызы Вилли Токарев Кыргызстан тууралуу ыр жазып, аткарды
—  Ооба, райдер деген бир балээ бар. Ал жерде жеген тамагынан, баскан жерине чеийн жазылган. Мисалы, алар иче турган чай Кыргызстанда жок болсо башка өлкөдөн алдырууга туура келет. Бирок, эмнегедир Кыргызстанга келген ырчылар өздөрүнүн райдерин унутуп калып жатышат (күлүп). Мисалы, Deepside Deejays тобун Нарындын Соң-Көл деген жерине алып бардык, анын бир солисти эт жебейт экен. Бир маалда карасак жакшынакай болуп шишкебек жеп отурат. Сизге эмне болду десек "Бул жакта карабайсыңарбы койлор көк шиберде жайылып жүрөт. Алар бактылуу экен, ошон үчүн жеп жатам" деп күлдү. Ошентип Нарынга барып эт жеп калды. Негизинен эле чет элдик ырчылар биздеги эт абдан даамдуу экенин айтышат.

 Чет элдик ырчыларды чакыруу менен токтолбостон аларды Кыргызстанды түрө кыдыртканыңызга караганда акчалуу продюсер окшойсуз? 

—  Андай деле эмес. Мындай иштердин пайдасынан чыгымы көп. Мисалы, мейманканаларга барып "Томас Андерсти алып келем" десең, булар миллионер деген ой менен 10 сомдук нерсени 100 сом деп айтышат. Пайдасынан ызы-чуусу көп. Ар кандай болуп калат бирде жакшы пайда түшсө, бирде банкрот болуп каласың. Учурда уюштуруу иштери менен гана алектенип жатам. Ар кайсы компания, клубдардын суранычы менен ырчыларды жабык кечелерге чакырып берип турам. 

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМисалы, мейманканаларга барып "Томас Андерсти алып келем" десең, булар миллионер деген ой менен 10 сомдук нерсени 100 сом деп айтышат
Концерт Томаса Андерса в Москве - Sputnik Кыргызстан
Мисалы, мейманканаларга барып "Томас Андерсти алып келем" десең, булар миллионер деген ой менен 10 сомдук нерсени 100 сом деп айтышат

 Жөнөкөйлүк жакшы деңизчи. Бирок, финансылык жактан пайда таппаганыңызга окурмандар ишенбейт го дейм.

—  Пайда бирде бар, бирде жок болгону үчүн кээде жөө жүрүп калып жатпайынбы. Менин негизги максатым Кыргызстандын туризм жаатын өнүктүрүүгө салым кошуу. Ошон үчүн ырчыларды кыдыртып, клип тартууга көндүрүп жүрөм да. Баса, Франциянын Ингрид деген ырчысы комуз менен ооз комуздун коштоосунда аранжировка жаздырып берүүнү өтүнгөн. Учурда даярдалып бүтөөрүнө аз калды. 

 Кыргызстанга көбүнчө Томас Андерс сыяктуу 80-жылдардын жылдыздары келип жатат. Ал эми Шакира же Женнифер Лопес сыяктуу элдин бүйүрүн кызыткан айымдарды Кыргызстанга чакырсак келеби? 

—  Чынында 80-90-жылдын жылдыздары эл тарабынан мыкты кабыл алынат экен. Андай концерттерге апа, аталар келип бийлеп кетип жатышты. Ал эми Женнифер Лопес, Шакира сыяктуу ырчылар Кыргызстанга келип кетишкен. Бирок, тилекке каршы аларды жалпы эл көрө алган эмес. Себеби, бай адамдардын тойлоруна келип ырдап кетишкен. Негизи белгилүүлөрдөн көп эле келип кетет. Аларды жергиликтүү бай адамдар же Кыргызстанда иштеген чет элдик жарандар чакыртат. Андай жабык кечелерде жаныңа телефон же камераны алып жүрүүгө тыюу салынат. Сиз дагы азыр "кайсы байлар болду экен" деген сурооңузду даярдап жатсаңыз керек. Бирок, ал кечелер жеке үй-бүлөнүн жакшылыгы болгондуктан айта албайм. 

© AP/INVLЖеннифер Лопес, Шакира сыяктуу ырчылар Кыргызстанга келип кетишкен. Бирок, тилекке каршы аларды жалпы эл көрө алган эмес
Колумбийская певица Шакира - Sputnik Кыргызстан
Женнифер Лопес, Шакира сыяктуу ырчылар Кыргызстанга келип кетишкен. Бирок, тилекке каршы аларды жалпы эл көрө алган эмес

 Социалдык баракчаңызга Шакирадан жооп келди деп жазып калдыңыз, Кыргызстанга дагы келгени жатабы?

—  Ооба, быйыл келиши күтүлүүдө. Өлкөдөгү ири компаниялардын бири 10 жылдыгына карата чакырып берүүнү өтүнүшкөн. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Концерт жабык кече форматында өткөрүлөт. 

— Эми биздин жергиликтүү ырчылар тууралуу кеп кылсак. Кыргызстанда шоу бизнес той бизнеске айланып калгандай. Шоу көрөйүн деп жеке концерттерге барсаң баягы эле той форматындагы шоуга күбө болуп келебиз. Мындай көрүнүш токтобосо дүйнөлүк сахнага жакында чыкпайт окшойбуз… 

Манасчы сахнада манас айтып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл жыйынтыгы: маданиятыбыз уучубузду кур койгон жок
— Туура айтасыз, айрым таланттуулар той форматына өтүп "жүгөрүнү макка дейт" деген сыяктуу ырларга ыктап кетишти. Мындай көрүнүш албетте өкүндүрөт. Чынында бизде мыкты вокалдын ээлери көп. Рей Хортон дагы муну байкап, биздин ырчылардан сабак алгысы келерин айткан. Буга ылайык чет элдик мыкты продюсерлер менен сүйлөшүү жүргүзүп "Star Vision" деген долбоор ачтым. Анын негизги максаты өлкө ичинен мыкты вокалдын ээлерин таап чыгуу. Долбоорго эстрада ырчыларынан тартып жөнөкөй жарандар дагы катыша алат. Жыйынтыгында жылына 1-2 жеңүүчү чет элдик ырчылар менен дуэт ырдап, клип тартууга мүмкүнчүлүк алышат.

 Долбоорду кайдан көрсө болот? 

—  Бул демилгемди коомдук биринчи канал колдоого алган. Буга ылайык сынакты бир гана КТРКдан көрө аласыздар. 

 КТРК бардык жакта тарткандыктан долбоорду көрүүгө окурмандарга кыйындыкты жаратпайт. Ал эми Рей Хортондун Кыргызстандан тарткан клиппи окурмандарды кызыктырып жатса керек. Качан жана кайдан көрсө болот?

—  Рей Бишкек жана Ысык-Көлдө эки клип тарттырган. Учурда Бишкекте тартылганы аяктап калды. Ошонун үзүндүсүн сиздерге берейин, элдерге көрсөтүп коюңуздар.

 Анда клиптин маңызы тууралуу дагы кеп козгой кетсеңиз. 

—  Ырчы болгусу келген чет элдик жаран Кыргызстандан демөөрчү издейт. Көп жерден "жок" деген жоопту алат. Калганын окурмандар клиптен көрүшсүн (күлүп).

Жаңылыктар түрмөгү
0