Сариев өнөр жай, курулуш жаатындагы коопсуздук эрежелерин сактоону күчөтүүнү тапшырды

Жазылуу
Сариев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Канатбек Муратбековго аталган ведомстводогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы ишти күчөтүүгө тапшырма берди.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Премьер-министр өлкөдөгү өнөр жай, курулуш, жол транспорт жана экология жаатындагы коопсуздук эрежелеринин сакталышына көзөмөлду күчөтүү керектигин билдирди. Ал мындай пикирин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Канатбек Муратбековду кабыл алганда белгилегенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сариев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция абдан кеңири тармакты камтып, коопсуздук сакталышындагы негизги мекеме экенин белгиледи.

"Бул кызматтын аткарган иштеринен өлкөнүн ар бир жаранынын коопсуздугу көз каранды. Мамлекеттеги экологиялык, техникалык коопсуздукту сактоодо сапатка басым жасап, көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы турат. Бул милдетти аткарууда сиздерге катуу талап коюлат", – деди Сариев.

Ошондой эле өлкө аймактарындагы таштанды сактоочу жайларды иретке келтирүү, бул жаатта белгилеген стандарттарды иштеп чыгып, талапты күчөтүү тапшырмасын койду.

Темир Сариев Канатбек Муратбековго Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0