Сариев: мектептерде балдар дарыгери иштеши керек

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы балдардын ден-соолугуна тийиштүү кам көрүлүшү зарыл экенин, саламаттык сактоо тутуму эне жана баланын ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү мүмкүндүгүн толук пайдаланбай жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Ар бир мектепте балдардын саламаттыгына көз салуучу дарыгер болуусу керектигин премьер-министр Темир Сариев медико-социалдык экспертиза жаатын реформалоо боюнча жыйында билдирди.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 168 миңди түзсө, анын 27 миңи – балдар.

Сариев балдардын ден-соолугуна тийиштүү кам көрүлүшү зарыл экенин, саламаттык сактоо тутуму эне жана баланын ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү мүмкүндүгүн толук пайдаланбай жатканын белгиледи. 

"Учурда Кыргызстанда 2 миң 233 мектеп бар, анын ар биринде жылына бир ирет балдарды кароодон өткөрүп туруучу дарыгер иш алып баруусу керек. Бул тутумду милдеттүү түрдө киргизүү зарыл. Өсүп келе жаткан муундун ден-соолугу чың болсо, жалпы улуттун да саламаттыгы бекем болот", — деди премьер-министр.

Китеп окуп жаткан өспүрүм жана аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик бөбөктөр айылдагыларга салыштырмалуу тез окуп, тез жазышат
Өкмөт башчы билдиргендей, оорулардын алдын алуу көзөмөлгө жакшы алынбагандыктан майып адамдардын саны көбөйүүдө.

Жыйын жүрүшүндө Сариев Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине медико-социалдык экспертиза тутумунда иш жүзүндө пайдалануу үчүн майыптуулукту баалоо боюнча анкеталарды адаптациялоо боюнча иш алып барууну тапшырды. Ошондой эле медико-социалдык эксперттик комиссияларга врач-реабилитолог кызматын киргизүү тууралуу өкмөттүн токтом долбоорун сунуштоо милдеттендирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0