00:48 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Тынчтык проспекти. АрхивВид на новостройки города ФрунзеТроллейбус МТРЗ

Мындан 65 жыл мурун Фрунзе шаарында троллейбус жүрүп баштаган

© Sputnik / Э. Вильчинский © Sputnik / Э. Вильчинский © Sputnik / Руслан Кривобок
1 / 3
Коом
Кыскача шилтеме алуу
76 0 0

Алгачкы троллейбусту айдаган Николай Тагильцев аны Фрунзе атындагы темир жолу бекети – Свердлов маршруту боюнча айдаган.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Мындан 65 жыл мурун, башкача айтканда 1951-жылы 13-январда Фрунзе шаарында алгачкы троллейбус жүрүп баштаган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгачкы троллейбустун биринчи линиясы – Линейный, Совет, Сталин (азыркы Чүй проспектиси) көчөсүнөн баштап Крупский атындагы балдар үйүнө чейин болсо, экинчи линия темир жол вокзалынан – Ленин проспектиси (азыркы Жибек Жолу) аркылуу өткөн. Троллейбус линиясынын алгачкы жалпы узундугу 8,4 чакырымды түзүп, МТБ-82Д үлгүсүндөгү төрт троллейбус болгон.

2010-жылы Бишкек троллейбус башкармалыгы жана профсоюз комитети тарабынан "Эмгектин ардагери" төш белгиси бекитилип, аталган башкармалыкта 25 жылдан ашык иштегендерге берилип келет. Мындай кызматкерлердин саны 75 кишини түзөт.

Бүгүнкү күнү троллейбус башкармалыгында 660 киши иштеп, 154 троллейбус бар. Алар күн сайын 9 маршрут боюнча тургундарды ташыйт.

Тема боюнча

Мэрия троллейбустардын санын совет доорундагы көрсөткүчкө жеткирүүнү максаттайт
Белгилер:
троллейбус, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ