11:38 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Лейлек районундагы Чоюнчу айылында курулган мечит

КРде каза болгон египеттик мугалимдин ысымы берилген мечит Лейлекте ачылат

пресс-служба Баткенского областого казыята
Коом
Кыскача шилтеме алуу
19410

Араб тили боюнча мугалим былтыр августта үй-бүлөсү менен Ала-Арча капчыгайында кырсыкка кабылып, ымыркайы менен каза болгон.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Лейлек районундагы Чоюнчу айылына Египеттин жараны, Кыргызстан ислам университетинин араб тили боюнча мугалими Мухаммед Исанын аты коюлган мечиттин курулушу аяктады. Анын ачылышы эртең болот. Бул туурасында Баткен облустук мусулмадар казыятынан билдиришти.

Мечиттин курулушун Дүйнөлүк жаштар ассамблеясы каржылаган.

Лейлек районунун баш имам хатиби Намазбаев Медербектин айтымында, мечиттин ачылышына уруксат бере турган тиешелүү документтери толугу менен бүткөрүлгөн. 

Ысымы ыйгарылган араб тили боюнча мугалим 2015-жылдын август айында үй-бүлөсү менен Ала-Арча капчыгайында кырсыкка кабылып, өзү жана бир айлык ымыркайы каза тапкан.

Тема боюнча

Баткенде эми эч ким өз алдынча мечит кура албайт
Шаардагы мечит, медреселер текшерүүдөн өтүүдө
Белгилер:
мечит, Лейлек району, Баткен облусу
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ