Кыргызстандык зыяратчылар ажылык сапарда мыкты жүрүм-туруму менен айырмаланган

© flickr.com / Al Jazeera EnglishМусулмандар. Архив
Мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиясынын ажылык министринин орун басары доктор Хусейн Аш Шариф Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев баштаган кыргызстандык делегацияны кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Өткөн жылы ажыга барган кыргызстандык зыяратчылар жүрүм-туруму менен айырмалана алды. Бул тууралуу Сауд Аравиясынын ажылык министринин орун басары доктор Хусейн Аш Шариф Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев баштаган делегация менен жолугушуу учурунда билдирди.

Тегеран шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иранда биринчи жолу мусулман биримдигинин эл аралык кинофестивалы өтөт
Муфтияттын маалыматына ылайык, кыргызстандык делегация учурда иш сапары менен Сауд Аравиясында жүрөт. 

Хусейн Аш Шариф муфтияттын 2015-жылы уюштурулган ажылык иштерине жогорку баа берип, Кыргызстандын зыяратчылары ажы сапарында жүрүм-туруму менен айырмаланганын белгилеген.

Мындан тышкары, кыргызстандык делегация падышачылыктын жарандык авиациясы алдындагы ажылык-умра иштеринин директору Мазин Базхир мырза менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча пикир алышып, ар түрдүү маселелердин үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0