Бүгүн Ошто кыргыздын залкар ырчы жана композитору Рыспай Абдыкадыровду эскерип жатышат

© Айша КамиловаВ Оше почтили память известного композитора и исполнителя Рыспая Абдыкадырова
В Оше почтили память известного композитора и исполнителя Рыспая Абдыкадырова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак. Анын ырлары менен бир нече муундар өсүп, ал бир нече миңдеген адамдардын кумирине айланган.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Композитор Рыспай Абдыкадыровду эскерүү Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун этегиндеги анын жайындагы эстеликке гүл коюу менен башталып, анын ысымын алып жүргөн облустук филармониядагы иш-чара менен уланды.

Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак. Ал өмүрүнүн акырына чейин Ош шаарында жашап, эмгектенген. 

© Айша КамиловаРыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак
1/5
Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак
© Айша КамиловаФилармониянын алдында ырчынын кыргыздын кыйырына кеткен "Сагынуу", "Издейм сени","Алмашым" ырлары жаңырды
2/5
Филармониянын алдында ырчынын кыргыздын кыйырына кеткен "Сагынуу", "Издейм сени","Алмашым" ырлары жаңырды
© Фото / Айша КамиловаАл өмүрүнүн акырына чейин Ош шаарында жашап, эмгектенген
Ал өмүрүнүн акырына чейин Ош шаарында жашап, эмгектенген - Sputnik Кыргызстан
3/5
Ал өмүрүнүн акырына чейин Ош шаарында жашап, эмгектенген
© Айша КамиловаАбдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулуп. 1994-жылы 12-сентябрда оорудан улам көз жумган
4/5
Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулуп. 1994-жылы 12-сентябрда оорудан улам көз жумган
© Айша КамиловаАл эми кызы Сюита Абдыкадырова композитордун чыгармалары кыргыз элинин баалуу мурастарынын бири катары кала берерин айтты.
5/5
Ал эми кызы Сюита Абдыкадырова композитордун чыгармалары кыргыз элинин баалуу мурастарынын бири катары кала берерин айтты.
1/5
Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак
2/5
Филармониянын алдында ырчынын кыргыздын кыйырына кеткен "Сагынуу", "Издейм сени","Алмашым" ырлары жаңырды
3/5
Ал өмүрүнүн акырына чейин Ош шаарында жашап, эмгектенген
4/5
Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулуп. 1994-жылы 12-сентябрда оорудан улам көз жумган
5/5
Ал эми кызы Сюита Абдыкадырова композитордун чыгармалары кыргыз элинин баалуу мурастарынын бири катары кала берерин айтты.

Эскерүүгө композитордун кызы Сюита Абдыкадырова, калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев жана өкмөттүн облустагы өкүлү Таалайбек Сарбашев жана ырчынын чыгармачылыгын урматтаган күйөрмандары катышты.

Чогулгандар Абдыкадыровдун кыргыз маданиятын байытуудагы салымын белгилешип, чыгармачылыгын, анын доорун жана устаттык сапаттарын эскеришти.

Ал эми кызы Сюита Абдыкадырова композитордун чыгармалары кыргыз элинин баалуу мурастарынын бири катары кала берерин айтты.

"Атамдын чыгармачылыгы — кыргыз элинин баалуу мурастарынын бири. Анын ырларында кусалыгы, өзгөчө дирилдеген сезимдери берилген. Жан дүйнөсү менен берилип жазган чыгармалары ыр дүйнөсүн барктагандарды кайдыгер калтырбайт", — деди ал. 

Филармониянын алдында ырчынын кыргыздын кыйырына кеткен "Сагынуу", "Издейм сени","Алмашым" ырлары жаңырды. 

Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулуп. 1994-жылы 12-сентябрда оорудан улам көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0