Көчөдө бараткан кишилерге суу чачкан бейбаш изделүүдө

Жазылуу
Терезеси караңгылатылган автоунаага түшүп алып, кишилерге суу чачкан тапанча менен аткылаган бейбаш бала изделүүдө.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Шаар тургундарына суу чачып алардын тынчын алган "тентек" изделип жатканын Жол кайгуул кызматы билдирди.

Жол кайгуул кызматынан билдиришкендей, машинасына жасалма Azamat деген номер тагып алган жаранды издөөгө жеке курам толук тартылды.

Буга чейин DRIVE2.KG сайтынын колдонуучусу көчөдө бараткандарды терезеси караңгылатылган машинага түшүп алып, суу чачкан тапанча менен аткылаган бала тууралуу видеону жарыялаган. 

Чемичке кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чемичке чагып сейил бакты кирдеткен кыз кандайча жек көрүндүгө айланды?
Видеодо Azamat жана VIP деген номерлер тагылган машиналардын да сүрөттөрү бар. Мындай номерлер менен жаран сүрөткө түшкөн. Бир канча сүрөттө Макаров үлгүсүндөгү тапанчага окшогон курал да байкалат.

Роликтин автору Bektenaliev01 деген ат менен кыргызстандык видеохостингдерди колдонушу ыктымал.

Буга чейин NURAIYM деген жасалма номерди түрдүү машинага тагып алып, сүрөткө түшкөн кыздын окуясы да интернет колдонуучулардын катуу сынына кабылган. Нурайым аттуу кыз Instagram социалдык тармактагы баракчасына бети жабылган сүрөттөрүн жарыялаган эле. Анын изине укук коргоо органдары түшкөн, бирок, кыз милицияга өзү келген. NURAIYM деген жасалма номер тагылган машиналарды айдаган факты катталбагандыктан кыз жоопко тартылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0