"Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык балаты январь айынын ортосунда алынат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык балаты. Архив
Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аянттагы имараттардын сыртына көрк берүүчү жарыктары калтырылат, себеби ал узак мөөнөттүү жана электр энергиясын үнөмдөгөн лампалардан жасалган.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук аянтында турган балаты эски жаңы жылды майрамдагандан кийин алына турганын вице-мэр Эркинбек Исаков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдирди.

Эски жаңы жыл 13-январда белгиленет. Ал эми аянттын имараттарына түнкүсүн көрк берген жарыктандыруу кала турганын айтты.

"Бул узак мөөнөттүү долбоор. Учурда жарыктандыруу түркүн-түстө майрамдык режимде берилүүдө. Эми кадимки күндөрү бир гана өң берген жарыктандыруу болот. Шаар тургундары кайдыгер калбайт деп ишенем", — деди Исаков.

Борбордук аянтка майрамдык балаты 12-декабрда башталган. 19-декабрда ал расмий түрдө күйгүзүлгөн.

Быйылкы балаты Кытайдан алып келинген. Аны бир канча жолу пайдаланса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0