Бишкектин бир катар райондорунда алты күн газ болбойт

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев"Газпром Кыргызстан" жумушчулары оңдоо иштери учурунда. Архив
Газпром Кыргызстан жумушчулары оңдоо иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте газ түтүктөрүнөн газдын сызылып чыгышын алдын алуу боюнча калыбына келтирүү иш чаралары өткөрүлөт.

БИШКЕК, 12-янв. – Sputnik. Бишкектин бир катар райондорунда 13-январдан 19-январга чейин газ берилбейт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧК ишканасынын маалымат кызматы билдирди. 

Түтүктөрдү калыбына келтирүү иш чараларына байланыштуу Махатма Ганди, Щербаков, Мусоргск, Боталиев көчөлөрүндө, Жибек Жолу проспектисинде, БЧК жана Аламедин районунда өчүрүлө турганы маалыматта белгиленет. 

"Газпром Кыргызстан" жаратылган ыңгайсыздыкты керектөөчүлөр түшүнүү менен кабыл алаарына үмүт артат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0