Эртең Бишкекте кар жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги бөбөк кыз кар жаап аткан кезде. Архив
Бишкектеги бөбөк кыз кар жаап аткан кезде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаага акыркы жолу калың кар былтыр жааган.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкек шаарына 12-январда кар жаай турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Борбор калаага калың кар акыркы жолу 20-декабрда жааган.

Түндө —1…-3 градус суук болсо, күндүз +2…+4 градуска чейин жылуу болот.

Өлкө аймагында дагы кар жаайт. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Ал эми 15-16-январдан тарта күн кайтадан жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0