Оозекти түрдө тез эсептегенге үйрөткөн байыркы ыкманы тааныштырган лекция Бишкекте өтөт

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүМектепте сабак учуру. Архив
Мектепте сабак учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индустар, кытайлар байыртадан колдонуп келген арфиметикадагы ыкманы бишкектик педагогдор менен ата-энелерге атайын адистер тааныштырат.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкекте балдарды оозекти түрдө тез саноого, эсептөөгө үйрөтө турган интеллектуалдык "Смартум" арфиметикасын үйрөнүү ыкмасын тааныштырган лекция өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаванын демилгеси" фондусунан билдиришти.

Буга ата-энелер, педагогдор, башталгыч класс менен балдар бакчасынын усулчулары катыша алышат.

"Туура жана тез эсептөө ар бир баладан тарта чоң кишиге чейин керек. Үч же төрт орундуу сандарды кагазга жазып же калькулятордун жардамы менен алып, кошуп, көбөйтүүгө болот деп ойлоп келебиз. Интеллектуалдык "Смартум" арфиметикасынын түзүүчүлөрү муну төрт жаштан 16 жашка чейинки ар бир бала үйрөнүп кете аларын бекемдейт",— деп билдиришти аталган эл аралык фондудан.

Бул ыкманы индустар менен кытайлар байыртадан эле колдонулуп келишкен.

Аталган фонду бул менталдуу арфиметиканы учурда аталган ыкма Индия, Япония, Сингапур, Белоруссия өлкөлөрүндө кеңири колдонулуп, Россия менен Казакстан бала бакчаларга да киргизе башташкандыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0