Сакиш: мен турмуш курбай калганым үчүн Бопушту күнөөлөбөйм

© Фото / предоставлено Айнурой ТургунбаевойКуудул жана актриса Айнура Тургунбаева жана Марат Жанталиев(Сакиш, Бопуш). Архив
Куудул жана актриса Айнура Тургунбаева жана Марат Жанталиев(Сакиш, Бопуш). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куудул жана актриса Айнура Тургунбаева бүгүн, 9-январда 48 жашка толуп, мүчөл жашын белгилеп жатат. Актрисанын өз ысымы көптөр үчүн көмүскөдө калып, Сакиш деген ат менен кеңири таанымал.

Куудул айымдын өздүк майрамын утурлай 25 жылдык чыгармачылыгы туурасында кепке тарттык. Сыртынан эркек мүнөз көрүнгөнү менен сахнада гана эмес жашоодо да шайыр адам экен.

— Айнура эже туулган күнүнүз кут болсун. Дагы эки жылдан кийин 50 жашка чыгат экенсиз, жашым өтүп баратат деп кейиген жоксузбу?

— Рахмат. Эч качан капаланбаш керек, эмне үчүн дегенде ошол жашка чыкпай кетип калып жатпайбы? Мына быйыл мүчөл жашым. Жаңы жылды жакшы кадамдар менен баштайын деп турам. 

— Айнура десе сизди көбү тааныбайт экен?

— Ооба. Өзүм деле бирөөгө чалганда "мен Айнура Сакиш" деп айтам. Анан паспортумду өзгөртүп алсамбы деп тамашалап калам. Эми бирок азан чакырылып коюлган атыңды эч өзгөртө албайсыңда.

© предоставлено Айнурой ТургунбаевойИлгери "Кер какшык" деген концертте Мар Байжиевдин сатираларын ойноп чыкканбыз. Ошондо Бопуш, Сакиш, Какиш жана башка аттар бар эле. Анан ошондон кийин эле бизде ушул аттар калып калды
Айнура Тургунбаева - Сакиш - Sputnik Кыргызстан
Илгери "Кер какшык" деген концертте Мар Байжиевдин сатираларын ойноп чыкканбыз. Ошондо Бопуш, Сакиш, Какиш жана башка аттар бар эле. Анан ошондон кийин эле бизде ушул аттар калып калды

— Эмне себептен Бопуш Сакиш?

— Илгери "Кер какшык" деген концертте Мар Байжиевдин сатираларын ойноп чыкканбыз. Ошондо Бопуш, Сакиш, Какиш жана башка аттар бар эле. Анан ошондон кийин эле бизде ушул аттар калып калды.

— Эл сизди ким катары тааныды — куудулбу же актрисабы?

— Мен башында куудул болуп чыккам. Эл дагы Бопуш Сакиш деп куудул катары кеңири тааныды. Ал эми кинодо он бештей эле образ жараттым, театрда 25 жылдан бери нечендеген ролдо ойноп келе жатам.

— Учурда "Сакиш, Бопуш" тандеми эмнеге көрүнбөй кетти, же жаштарга орун бошотуп берели дедиңиздерби? Азыр Марат Жанталиев байке менен мамилеңиздер кандай?

— Ал экөөбүз бир театрда иштейбиз. Мурда мамилебиз кандай болсо, азыр андан да жакшы. Көрүнбөй калганыбыздын себеби бизди телеге чакырыша элек, же биз ал жака ылайык келбей жатабызбы… Биз азырынча жаштарга ордубузду бошотуп бере албайбыз, керек болсо 90 жашка чейин иштейбиз. Жаштар да иштесин, аларга кошулуп биз дагы иштейбиз. Буюрса бизге теледолбоорго жакшы сунуштар түшүп жатат, кайрадан билек түрүшүп иштеп баштайбыз. Анын үстүндө быйыл маймыл жылы күлкүнүн, иштермандын, маданияттын жылы эмеспи.

— Баары эле сахнага жарк этип чыга калышат, а бизге көшөгө артындагы жашоо кызык, мүмкүн кызыктуу окуяларыңыздан айтып берээрсиз?

Боорду эзген Борончу
— Сахнанын аркасында түркүн, түстүү окуялар болот. Керек болсо үйдөн маанайың жок келген учурлар болот. Ушунун баарын эл алдына алып чыкпайсың да. Негизи сахна аркасындагы окуяларды сыртка алып чыкпайбыз, ал артисттердин "кухнясы" деп коет. Ошентсе да кызыктуусунан айтайын. Бир жолу Бопуш экөөбүз бир интермедияны катуу даярдадык, алгач көшөгө ичинде кесиптештерибизге аткарып берсек, эзилип калышты. Анда бул товарыбыз өтөт экен деп, ушундай бир сахнага балпайып чыкканда эл күлбөй койсо болобу? Аябай уялганбыз, биз ойноп жатабыз, эл болсо жымжырт. Бопуш экөөбүз сахнанын аркасына жетпейбиз, жол ушунчалык узак болуп туруп алды. Азыр ошону эстесем эле быкшый берем.

— Качан турмуш курасың деген суроо журналисттер, туугандар тарабынан тажатма болуп бүтсө керек. А түгүл Мараттын дагы күнөөсу бар буга деп айтканыңыз бар. Менин кызыкканым, сиз кандай мырзаларга баа бересиз?

— Туура айтасыз. Мага бул суроону көп беришет. Мен көнүп деле калгам. Үмүт акыркы өлөт деп коет го. Марат деле өтө зыянын тийгизген жок, тамашалап эле айткам. Учурунда колумду сурагандар болгон, жаштыкка салып карьера курам деп жатып, өзүмдөн "косяк" кеткен. Убагында күйөө болбосо деле бала багып албайсыңбы деген кеңешин көбү айткан, ага деле маани бербептирмин. Мага негизи жүрөгү кенен адамдар жагат, баягы бир карасаң эле билинет да андай адамдар.

— Андай жүрөгү кенен мырзалар жок болуп жатабы?

— Ха-ха-ха, мага көрүнбөй жатат окшойт. Же көзүмдөгү рентгенимдин зымдарынын бири үзүлүп калганбы билбейм.

— Көпчүлүктун эсинде сиз кыска чачтуу бойдон калдыңыз. Анда-санда гана өңүн өзгөртүп коесуз. Бул сиздин чыгармачылыктагы өзгөчөлүңүзбү?

— Өзүм кээде каалагандай кесип, өстүрүп, маалы менен боеп турам. Азыр өстүрүп көрөйүнчү деп жүрөм. Бир жолу далыма чейин өстүргөм, андан ары нервим чыдабайт.

— Кече күнү сизди издеп, театрдын жатаканасына чейин кирип бардым эле. Ал жакта аттуу-баштуу өнөрлүүлөр жашоосуна каниет кылып, жашап жүрүшөт. Айлык маянасы деле көп болбосо керек… Деги эле сиздерди чыгармачылыкта эмне кармап турат, стимул бере турчу эмне?

Народный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Куудул Асанкул Шаршеновдун жоруктары
— Ушул сурооңуз жакты мага. Айлыктын азына, театрдын эскилигине карабай иштеп келе жатабыз. Себеп театрга болгон сүйүүнүн күчтүүлүгу. Театрдан чыгыш өтө кыйын экен. Ал наркотик, саз сыяктуу, бир кирдиңби чыга албайсың. Кетип калгандар болгон, бирок алар кайра эле кайтып келишкен. Биз жаштыгыбызды сахнага арнаганбыз, андыктан кылчайып артты карап, аткарган ролдоруңду эстеп ошондон стимул аласың. 

— Сахнада гана эмес, жашоодо да жөнөкөй, тамашакөй адам экенсиз. Сиздей адамдар сырын бекем катат. Сырдашыңыз ким?

— Мен дайыма буюрса баары жакшы болот, сураганга баары сонун деп айтып келем. А бирок сырдашпасак, жарылып кетебиз го. Менин кеңешчим да, сырдашым да Бопуш. Марат сырга бекем. Негизи айымдарга караганда, мырзалар сөзгө туруктуу болот эмеспи. 

— Маегиңизге рахмат, бакыт каалайбыз!

Жаңылыктар түрмөгү
0