Куудул Асанкул Шаршеновдун жоруктары

© из семейного архива Келдибека НиязоваНародный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов
Народный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, куудул Келдибек Ниязов улуу муундагы залкарлардын көзүн көрүп, чачпагын көтөрүп, ошолордон таалим-тарбия алган инсан.

Улуулардын ордун жоктотпой, баскан-турганын, кыял-жоругун кеп салып отурса кептин аягы үзүлчүдөй эмес. Кантсе да айтылуу Асанкул Шаршенов менен көп жүрүп калбадыбы, сөзүн белгилүү куудулдун окуяларынан баштады.

Биз аз-маз болсо да окуп-чокуп билим алдык. Асанкул табиятынан куудул болуп жаралган. Өң-келбети, куркуйган узун бою, сүйлөө манерасы бүт баары маңдайындагыларды күлдүрүү үчүн жарашып турар эле, дейт Ниязов. Баса, быйыл Асанкул Шаршенов көзү тирүү болсо 90 жашты багынтып, ак сакалдуу карыя болуп төрүбүздө отурмак.

© Фото / из семейного архива Келдибека НиязоваКыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, куудул Келдибек Ниязов жубайы менен
Народный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, куудул Келдибек Ниязов жубайы менен

Ооруганына карабай боору эзилген Сүймөнкул Чокморов

Агезде Сүкөм (Сүймөнкул Чокморов — ред.) аябай катуу ооруп жүргөн кези экен. Асанкул экөө аябай ынак болчу, анын үстүнө экөөнүн айылы жанаша келет. Ал жактагылар улуусуна "бай" деп кайралышат. Бир күнү эле Бекин Сейдамактов экөөбүз "Россия" кинотеатрынын жанынан өтүп келе жатсак алдыбыздан Сүймөнкул чыкты. Аябай арык, ичине айланта аппарат тагынып жүрүптүр. Учурашып, ал-жай сурашкандан кийин "Ийи, кыйратып күлдүрүп жатасыңарбы?" деди тамашалап. "Күлдүрүп жатабыз. Эртең комиссияга жаңы программа өткөрөбүз. Келип көрүп кетиңиз" дедик. "Ой, чакырганыңарга рахмат, мен жарым саат сайын жатып, дарылануумдан өтүп турам. Анча убакыт чыдай албайм, рахмат" деп туруп эле, "Асанкул бай барбы" деди. А киши да катышарын айтсак эле, "Шагыңар сынбасын, жарым саатка барып кетейин" деди. Эртеси болду. Концерт башталды. Сүкөм отурат. Биз концерттин кызыгына кирип кетип аны унутуп калыптырбыз. Элдин баары кыраан-каткы. Карасам Сүкөм тим эле жыргап күлүп жатат. Концерт бүтүп баш-аягыбызды жыйнап жанына келсек: "Күлкү — ден соолуктун мүлкү" дегенге эми ишендим. Эки саат бою менин денем оорум тууралуу бир да шыбыш берген жок. Денем балкып, сонун отурдум" деп жатпайбы. Анда Шаршенов "Ден соолугуңа жакса күнүгө эле келип турчу, сен үчүн ойной беребиз" деп каткырып калды. Ошондон 3-4 ай өтпөй эле кайран Сүкөм өтүп кетти…

Айтматов менен Америкага кетчү Асанкул

Боорду эзген Борончу
Асакем күлкүгө жаралган адам эле. Жоопту да кыйын берчү. Бизчилеп ойлонуп турчу да эмес, "шак" эткизе сөз таба калчу. Бир күнү артисттер чогулуп филармониянын бурчунда турабыз. Агезде ошондой адатыбыз бар болчу, эртең менен келгенде дароо кирип кетпей тамеки тартып, көрүнгөн ушакты айтып, терезеден бирөө чыгып "ой, кирбейсиңерби" дегичекти тура берчүбүз. Ошондой күндөрдүн биринде баарыбыз чогулуп турсак Саякбай манасчынын эстелигинин жанынан Асакем келе жатат кайкайып басып. Анан эле Тууганбай Абдиев "ай, келгиле, ушу Асанкулду бир тамашага салалы" деп калды. Макул деп турабыз. Асакем келди. Баарыбыз менен кол алышкандан кийин эле Тукам:

— Ой, Асаш, ушул жерде жанатан бери эле сени Чыңгыз Айтматов Америкага алып кетет экен деген сөз болуп жатат. Чын-бышыгын өзүңөн угалычы, — деп калды. 

Куудулдугунун күчтүүсүн карабайсыңбы шак эле: 

— Ооба, эртең менен мага чалышты. Кудай уруп калп болуп калбасын деп Кино үйүнө бардым, Чыңгыздын өз оозунан угайын деп. Барсам Чыкем чоң кишилер менен турган экен, иштин чоо-жайын айтсам, мени көпкө чейин ормое карап туруп "ооба, ооба, ошондой сөз болуп атат, жүр, бери келчи" деди. Четке чыккандан кийин: "Америкага телпейтип сени ээрчитип барайынбы? Жөн эле ушу Кыргызстандагы элди күлдүрүп жүрө бербейсиңби. Аяктан эмне деп сүйлөйсүң, ким түшүнөт сени?" деп тилдеди да, элди карап далыман таптап туруп: "Асаш, түшүнүштүк ээ, иштей бер, кетерде өзүм айтам" деди. Айтматов Асанкулду алып кетмей болду деп чоңдордун баары таң калып калышты. Ошол жактан келатам, — деп кутулуп кетпедиби.

Ошондо баары "мына нукура куудул" деп аябай баа беришкен.

© из семейного архива Келдибека НиязоваКыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, куудул Келдибек Ниязов
Народный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, куудул Келдибек Ниязов

Сүкө-өш, карма!..

Дооронбек Садырбаевдин "Арман" деген тасмасына тартылган эмеспи. Бир күнү филармонияга келди кудуңдап, бала чагыбыз согушка туш келип, велосипедди тепмек тургай көргөн жок элек, велосипед тепкенди үйрөтүп жатышат, бир жума болду, эми ошол тепкенимди тартканы жатышат деди. Сценарий боюнча тоодон ылдый велосипед менен түшкөн жери бар экен. Тасманын режиссеру Дооронбек байке бир эле дубль менен тартышым керек болду, болбосо бу киши макул болбой коймок дейт. Анан Асакем жаш баладай болуп баягы жаман велосипедди элдин баары тамак ичип жатса деле тээп ошонун жанында жүрөт. Тартаар маал келет. Докем эки велосипед саттырып келип, бирөөсүнүн тормозун алдырып койдум дейт. Анан "Эми Асанкул байке, ушунча убара болдук. Катуу тээп келип, кырдан тормоз басып токтоп коюңуз. Анан келе жатканда "Кудай сакта" деп эки жолу кыйкырганды унупаңыз. Бүттү ошону менен" дейт. Дөңдүн ылдый жагына үч КАМАЗ менен саман апкелип төктүрүп коюптур. Асанкул сураса, ал биздики эмес, колхоздуку экен деп коет. Тарта турган күнү "жаңы велосипед менен түш" десе, Асакем "ой, жок ай, эскиме эле көнүп калдым" деп баш тартат. "Эми тээп эле көрсөңүз" деп Докем отургузуп, ары-бери тептирет. "Ой, бул жөн эле нөль шестой турбайбы" деп сүйүнүп калды дейт. Кийинип чыга калыңыз деп Асакемди үйгө киргизип жиберишет да, велосипедди тормозу жогуна алмаштырып коюшат. Тимеле учуруп келатат дейт. Кырга келип эле тормоз тепсе, бош неме артка айлана берет, ал анан кетти дейт. Келатканда "Кудай сакта" дегенди унутуп калып, кемпиринин аты Сүкөш эле, "Сүкөш, карма!" деген боюнча баягы жыйып койгон саманга кирип кетет. Докемдин жүрөгү түшүп калат. Бир кезде саман кыбырап чыгып келе жатат дейт, бети-башы айрылган, өзү да богооз киши эле, киносун да, Докенин эне-атасынан да эч нерсе калтырбай сөгүп-сагып. Анан Турсун Уралиев, Орозбек Кутманалиев баштаган аксакалдар барып, алдына түшүп, аке-жакелеп атып араң дегенде жазылтып алып келишкен экен. Ошентип киного да тартылган Асакем.

Асанкулдун күрөшкө түшкөнү

1942-жылы Асакем 16 жаштагы боз улан экен. Аскердик даярдыктан өтүп жүрүшөт. Фронтко алып кетпейт дейт, күнүгө кечинде үйгө таратып жиберишет. Ушинтип жүргөн кезде эле "Талант тандайбыз" деп артисттер келип калды дейт. Кантордун жанына машина келсе эле же артист же кино болчу. Жүгөрү сугарып жүргөм, кийимимдин баары баткак, шалпактап мен да жетип бардым дейт. Мен көрө калган башкарма "барчы, атаңоозугурайын, каракчыдай болгон! Сага эмне жок" деп урушуп кирди. "Дагы ким бар, комуз чертип же ырдагандар болсо чыккыла" дегенде эле "Мен" деп чыга калдым. Башкарма ары жакта жаман көзү менен карап турат дейт. Азыр ойлосом кыздын жигитке, жигиттин кызга болгон ашык ырлары экен, аны кайдан билдим, айылда жородон угасың да, ошону озондотуп ырдасам арасында бир орус аял бар эле, ошол "мында голос бар экен" деп калды. Асакем ошол бойдон окуусун окуп аяктаса Миңжылкыевдей эле бас болмок. 

© из семейного архива Келдибека НиязоваКыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, куудул Келдибек Ниязов жубайы менен
Народный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, куудул Келдибек Ниязов жубайы менен

Сынактан өтүп кеттим, комуз черткен дагы бир баланы орус драма театрынын жанына келесиңер деп тигилер кетишти дейт. Барарын барып алып кийим-кечебиздин начардыгынан театрга кире албай эшикте турсак, баягы аял бизди көрүп, кийирип кетти. Күрөңкөевде окуп калдым, кудай бетин салбасын, эмне окуганымды билбейм, үч маал бекер тамак ичип, бүтүн кийим кийип жыргап эле калдым. Свет араң эле күйөт, ашкананын төрүнө отуруп алып тамак ичем, кетип баратканда столдордун үстүндө эмне калса баарын шыпырып кетип шыпкап жейм дейт. 

Күмөндөр Абылов: акырындап аялыңа демилгени өткөрүп бере баштайсың
Бир күнү 7-ноябрь майрамына карата Фрунзедеги жети окуу жайдын ортосунда мелдеш өтөт деп калышты. Түшкү тамакты ичип эшикке чыга калсак эле директор, анын жанында бир жапалдаш бойлуу орус турат. Көрсө ал атактуу Байман деген машыктыруучу экен. Карап-карап туруп эле "ты, ты, сынок, иди сюда, самый высокий" деп калды. Орусча билген балдар мени көрсөтүп эле "бар, сени чакырып жатат" дешти. Калдалаңдап жетип бардым. Барсам аяк-биягымды карап "Ого, ты же второй Кожомкул. Из тебя борец выйдет, пойдем сынок, заниматься" деди. Ошентип күрөшкөндү үйрөнө баштадым. Көрсө училищенин атынан баягы мелдешке мени даярдап жатышыптыр. Ыкмаларынын баарын көрсөтүп, "жеңилип баратканда чийинден чыга качып кет, эчтеке кыла албайт, анан кайра баштайсың" деп үйрөттү. Ошентип мелдеш башталды. Эл кылкылдайт. Мага чейин кыргыздын баары жыгылып аткан экен, мен чыкканда эле эл дуу дей түштү, "Ой, келбетиңен, муну кайда катып жаттыңар, жана эле чыгарбайт белеңер. Сой эле сой, намысты алдырба" деп кыйкырып жатат. 

Мага кипкичинекей болгон бала чыкты. Нааразы да болуп кеттим, "Кудай урбадыбы, тең теңи менен да. Кой, бу деле бирөөнүн баласы да, аяп күрөшөйүн" деп ичимен ойлодум. Согуш учуру да, кийим тартыш. Мен окууга жөнөгөндө апам атамдын дамбалын кичиртип берген, ошонун ычкырын бекем байлап алып чыктым. Орус баланын тизесинен ылдый жагы айрылып калган дамбал кийип алыптыр, көзүмө ого бетер бечарадай көрүнүп, боорум ооруп кетти. Көрсө, ал шортик экен, кийин билбедимби. Биринчи ышкырык болгондо кол алышат экен, ошондо эле колум бүрүшүп калды. Экинчи ышкырык болгондо ачуум келе түшкөн экен, барып баягы баланы баса калайын десем эле өзүм үстүнө чыгып кеттим. Ал анан чамгарактай баштадым, бирде жер көрүнөт, бирде эл көрүнөт, бирде лампочканы көрүп калам… Тигинин колунан бошосом тырмалаңдап качам, ал сүйрөп келип ортого чабат… Тимеле камыр жуургандай ийледи… Өзүм өлгөнү жатсам баягы кыргыздар "Күрөштүн балакетин аласыңбы, тамак ичпей балээ ич, өл эле өл, алдагы ычкырыңа муунуп өл" деп бакырып атышат. Бир кезде мас болгон кыргыздар тиги оруска болушуп "Убей дурака!!!" дей башташты. Бир маалда кичине бошой калганда качтым эле багалегимен чала-була кармап калып калды. Барым эле көмкөрөмөн жыгылдым. Тимеле өлгөнү калыптырмын. Өпкөм жарылчудай болуп "өхүлөп" жатсам, эмнегедир эле эл кыраан-каткы күлөт. Бир кезде баягы Байман келди атамдын дамбалын сүйрөп. "Кожомкул, на, одень" деп коет. Көрсө, мен жулунуп качканда ычкыр үзүлүп кетип, дамбалым тиги орустун колунда калыптыр. Ошондон кийин күрөшкө чыкканымды койгом.

Жаңылыктар түрмөгү
0