Бишкекте каникул учурунда 19 миң бала ийрим жана секцияга барууда

© пресс-служба министерства образования и науки КРОкуучулар ийрим учурунда. Архив
Окуучулар ийрим учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөт башчы балдардын эс алуусун тийиштүү деңгээлде уюштуруу маселесин койгон.

БИШКЕК, 7-янв. – Sputnik. Бишкек шаарында кышкы каникул учурунда 19 миң окуучусу ар кандай ийримдерге жана спорт секцияларга катышып жатканын мэрия билдирди.

Балдардын мектептеги коопсуздугу боюнча көп берилүүчү суроолор
Өткөн жылдын соңу менен премьер-министр Темир Сариев тийиштүү мекеме жетекчилерине кышкы каникул учурунда мектеп окуучулары үчүн маданий программа уюштурууну өкмөттүн жыйынында тапшырганы маалым.

Муниципалитеттин Билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуучулардын каникул убагында эс алуусун камсыздоо үчүн мектептерде жана балдар борборлорунда 15 миң бала кабыл ала турган ийримдер жана секциялар уюшулган.

Быйыл окуучулардын кышкы каникулу 31-декабрда башталып 24-январга чейин уланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0