Кыргызстанда өгөй ата органга сатып жиберген балдар аман калды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүУктап жаткан өспүрүм бала. Архив
Уктап жаткан өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык никедеги аялы каза болгондон кийин күйөөсү өгөй балдарын цыгандарга сатып жиберген. Алар наристелерди органга сатууну пландаштырып келишкен. Балдарды кайыр суратып, ач-жылаңач коюшкан. Жетимдерди дипломаттар сактап калды. Учурда алар энеси катталган Новосибирск шаарына алып келинди.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстанда аялы каза болгондон кийин анын мурунку никеден төрөлгөн балдарын кийинки күйөөсү органга сатып жибергенин "Вести.ru" билдирди.

Кыргызстанда россиялык дипломаттар тарабынан балдарды чыгарып кетүү аракети буулду. Россиялык жаран каза болгондон кийин 13 жаштагы Анна менен беш жашар Тимофей кароосуз калышкан. Мындай абалдан аялдын жарандык күйөөсү менен жергиликтүү цыгандар пайдаланып калууну чечишкен.

"Аялдын кордук көрүп каза болду деген тыянак чыгарууга бардык негиздер бар. Анын өлүмүнөн кийин балдарды өгөй атасы цыгандарга сатып жиберген. Алар өз кезегинде наристелерди Кыргызстандан чыгарып, адам органдарын сатуу менен алектенген соодагерлерге сатууну көздөшкөн", — деп билдирди Россиянын Кыргызстандагы вице-консулу Анастасия Антонова берген интервьюсунда.

Цыгандар жетимдерди кайыр суроого мажбурлашкан, бирок алар качып чыгып, коңшулардыкына жашырынып келишкен. Балдарга кадимкидей аңчылык жүрүп, алардын башын милиция жана дипломаттардын аракети менен гана бошотуп алууга мүмкүн болгон. Тимофей тамак-аштын жетишсиздигинен көтөрүм болуп калган. Эки бала тең Россиянын жарандары болуп чыгышты. Алардын энеси Новосибирскиде катталгандыктан, элчиликтин катынан кийин шаар бийлиги балдарды дароо өз камкордугуна алган. 

"Балдар бир нече ай мурун эле табылган. Новосибирскиге 30-декабрда гана келишти. Учурда аларды балдар үйүнө орноштуруу маселеси чечилип жатат. Абдалдары жакшы", — деп билдирди Sputnik Кыргызстан агенттигине Антонова.

Тилекке каршы, вице-консул аталган факт боюнча укук коргоо органдарына кайрылуу болгон-болбогону тууралуу маалымат бере алган жок.

Ал эми Бишкек ШИИБ Sputnik Кыргызстан агенттигине балдарды сатуу боюнча эч кандай кайрылуу болбогонун маалымдады.

"Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен, башка мекемелерден сураштырып жатабыз. Окуя кайсы жерде болгонун, эмне үчүн милицияга арыз жазылбаганын тактап жатабыз", — дешти милициядан.

Укук коргоо органы окуянын чоо-жайы такталгандан кийин толук маалымат бере турганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0